Ош облусунун Араван районундагы Кең-Сай массивинде жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо фактысы боюнча дагы 6 мурдагы жана учурдагы мамлекеттик кызматкер кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалгандардын арасында айыл өкмөттөрдүн мурдагы жетекчилери, жер адистери, архитектура жана кадастр кызматкерлери бар.

Араван районунун Нурабад айыл өкмөтүнүн мурдагы жер адиси К.Ш., Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы А.А., Араван райондук жер ресурстары геодезия жана картография боюнча кадастр мамлекеттик мекемесинин башчысынын мурдагы убактылуу милдетин аткаруучу болуп турган С.А., Араван райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын мурдагы бөлүм башчысы Ш.А., Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын ИЖС техниги М.З., Жер ресурстары геодезия жана картография боюнча кадастр мамлекеттик мекемесинин башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу болуп турган, учурда ошол эле мекеменин бөлүм башчысы Х.А.

Алар «Коррупция» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Белгилей кетсек, аталган иш боюнча буга чейин дагы 5 мурдагы мамлекеттик кызматкер кармалган.

Учурда Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштерин улантууда.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *