Жаңыланган туу салтанаттуу көтөрүлдү

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жаңыланган туу салтанаттуу көтөрүлдү. Аземге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Эске сала кетсек, 2023-жылдын 22-декабрында президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “КР мамлекеттик символдору жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына кол койгон. Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы символдорунун бирин – Кыргыз Республикасынын туусун жакшыртуу максатында кабыл алынган….

Кененирээк

Айдоочулардын эсине! Бишкекте дагы эки көчө бир тараптуу болот

Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү эки көчө 6-январдан тарта бир тараптуу болот. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирет. Тактап айтканда, Ж. Турусбеков жана Т. Үмөталиев көчөлөрдүн төмөнкү тилкелеринде бир тараптуу кыймыл уюштурулат: Ж. Турусбеков көчөсү — Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө);Т. Үмөталиев көчөсү — Жибек Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө).

Кененирээк

Өлкө аймагында жер титиреди

Кыргызстанда 5-январга караган түнү саат 00:51 де очогу 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Бейит айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Кененирээк

ИИМге 66 кызматтык унаа тапшырылды

Ички иштер министрлигине коомдук тартипти камсыз кылууга багытталган 66 унаа тапшырылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.Министрлер кабинетини төрагасы белгилегендей, республика боюнча 2 жылдын ичинде 42 имараты жаңы салынды. Өлкө боюнча РИИБдин бүт имараттары оңдоп түзөөдөн өттү. “Ар бир аймактык милиция кызматкери атайын камералар менен камсыз болду. Санариптештирүү жаатында коомдук коопсуздук үчүн 800гө жакын…

Кененирээк

Бишкекте үч эм жарык дүйнөгө келди

Бишкек шаардык перинаталдык борборунда үч эм жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 3 эмди 36 жаштагы айым 2-январда операция жолу менен жарык дүйнөгө алып келген. Ымыркайлардын салмагы – 2 кг 80 г, 2 кг 340 г, 2 кг 140 г болуп төрөлүшкөн. Кыздардын жана апасынын абалы…

Кененирээк

Борбор калаада укмуштуудай лазердик шоу болду

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында 31-декабрда майрамдык концерт болуп өттү. Анын кульминациясы укмуштуудай лазердик шоу болду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы маалымдады. Шаардыктарды жана конокторду жаңы жыл майрамы менен маданият башкармалыгынын солисттери, чыгармачыл жамааттары жана эстрада жылдыздары куттукташты.Жаңы 2024-жылды башкы аянтта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиев, мэрдин орун басарлары, райондордун…

Кененирээк

Бишкек: майрамдан соң 4 тонна таштанды чыгарылды

Жаңы жылдык майрамдан кийин «Ала-Тоо» аянтынан 4 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, тазалык жана тартипти «Тазалык» муниципалдык ишканасынын 6 атайын техникасы менен 60 кызматкери камсыздашкан. Белгилей кетсек, өткөн жылдагы жаңы жыл майрамына салыштырмалуу бул жолу аянтта киши көп болду. Тактап айтканда, кишинин саны 15 миңдин айланасында чогулган жана…

Кененирээк

Жаңы-жыл түнү 276 ымыркай төрөлдү

1-январга караган түнү өлкө боюнча 276 ымыркай жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Анын ичинен эки эгиз бала Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында төрөлдү. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бир суткада 2023-жылдын 31-декабрынын саат 8:00дөн 2024-жылдын 1-январынын саат 8:00гө чейин 143 уул жана 133 кыз төрөлгөн. Бишкек шаарындагы 2 — төрөт…

Кененирээк

Калкты тейлөө борборлору жаңы-жылдык майрамга карата эс алышат

Кыргызстанда Калкты тейлөө борборлору жана паспорт бөлүмдөрү 2024-жылдын 1-январынан 7-январына чейин иштебейт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигнин басма сөз кызматы билдирет.Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстан боюнча 36 ири жана 5 кичи Калкты тейлөө борбору иштеп жаткандыгын эскертти. Бишкек жана Ош шаарларында Early One тиркемеси аркылуу онлайн кезекке жазылса болот. Ошондой эле Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталында жана…

Кененирээк

«102» кызматына чалган 6 жаштагы баланын кыялы орундалды

Милиция кызматкерлери Чүй облусунун жаш тургунунун кыялын орундатышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигине билдиришти. Анда 6 жаштагы Темирлан аттуу бала милициянын «102» кызматына телефон чалып, өзүнүн туулган күнүнө карата жашыл түстөгү оюнчук трактор жана милициянын унаасына түшүрүүнү суранган.Милиция жеткинчектин каалоосун аткарып, ал сураган белекти алып, милициянын унаасына түшүргөн. “Милиция кызматкерлери Темирланга белек сатып алып, баланын…

Кененирээк