“Жол акы 8 сомго туура келет”. Окуучуларга «Тулпар» картасы сунушталууда
Бишкек мэриясы 2024-жылдын 30-январынан тарта коомдук транспортто жол акысы көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу окуучуларга айына 360 сомго “Тулпар” картасын сатып алууну сунуштоодо. Аны менен коомдук транспортто чексиз жүрүүгө болот.Бул окуучулар үчүн пайдалуу сунуш, анткени айына кеминде 44 сапар жасалса, жол акысы болгону 8 сомго туура келет. Мектеп окуучулары үчүн жеке «Тулпар» карталарын башка адамдарга колдонууга тыюу салынат….

