«Достук” өткөрмө бекетине 45 метрлик флагшток орнотулду
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” көзөмөл-өткөрүү бекетине 45 метрлик флагшток орнотулуп, анын айланасында заманбап эс алуу жайы курулду. Бүгүн флагштокко Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу көтөрүлүп, эс алуу жайы расмий түрдө пайдаланууга берилди. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, легендарлуу парламенттин депутаттары, кошуна өлкөлөрдүн консулдары…


