Кыргызстанда алгачкы жолу PhD дипломдору тапшырылды
16-апрелдеги иш-чарага илим министри Гүлзат Исаматова катышты. Жалпысынан 80 бүтүрүүчү PhD даражасын алды. Алардын 32 пайызы чет өлкөлүк жарандар. PhD программалары боюнча адистерди даярдоо 2013-жылы пилоттук долбоор катары башталган. 2023-жылы «Илим жөнүндөгү» мыйзам менен расмий таанылган. Учурда Кыргызстанда 21 жогорку окуу жай PhD программалары боюнча илимий кадрларды даярдап жатат.


