Кыргызстанга электромобилдерди бажы төлөмүсүз алып кирүүгө берилген кошумча квота да түгөндү

Муну Бажы кызматынын сайтындагы  онлайн көрсөткүчтөн көрүүгө болот. Жыл башында 15 миң автоунааны бажы төлөмүсүз ташып кирүүгө уруксат берилип,  ал июль айында түгөнгөн. Кийин август айында кошумча 10 миң квота берилип, ал да эки айга жетпей толук пайдаланылып, бүттү.

Кененирээк

Кыргызстан Кытайга дан азыктарын «Торугарт» өткөрмө пункту аркылуу экспорттой турган болду

Бул «Эркеч-Тамдагы» жүктөмдү азайтып, экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө шарт түзөт. Айыл чарба министри Кытайдын Бажы башкармалыгынын жетекчиси менен жолугушуп, маселени макулдашты. Мындан тышкары, тараптар «Торугарттын» иштөө убактысын узартууну да талкуулашты.

Кененирээк

ЕАЭБде чет өлкөлүк товарлардын киргизилишин көзөмөлдөө механизми ишке кирди

1-сентябрдан тарта Евразия экономикалык биримдигинде ЕАЭБдин бир өлкөсүндө бажыдан өткөрүлүп, кийин башка мүчө мамлекеттерге ташылган чет өлкөлүк товарларды көзөмөлдөө механизми иштей баштады. Биринчи этапта система төмөнкү товарларга тиешелүү: • муздаткычтар жана тоңдургучтар;• кир жуучу машиналар;• телевизорлор. Жаңы тартип товарлар тууралуу маалыматты улуттук системаларга киргизүүнүн бирдиктүү жол-жобосун жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн салык органдары ортосунда маалымат алмашууну карайт….

Кененирээк

Кыргызстан какао жана ири иш-чараларга керектүү товарлар үчүн бажы жеңилдиктерин алды

20-майда Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынында Кыргызстандын бажы жеңилдиктери боюнча эки демилгеси жактырылды. Биринчиси какао упасына тиешелүү: 2026-жылдын аягына чейин өлкө 300 тоннага чейин бул чийки затты импорттук бажы алымын төлөбөстөн алып келе алат. Бул жеңилдик шоколад, кондитердик азыктар, нан азыктары, сүт продукциясы жана суусундуктарды өндүргөн ата мекендик ишканаларды колдоого багытталган. Экинчи демилге ШКУ саммитине…

Кененирээк

Бажы кызматы өткөн жылы 157 млрд сомдон ашык киреше тапты

Мамлекеттик бажы кызматы 2025-жылы 157,4 млрд сом киреше тапты. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 6 эсеге көп: ал жылы кызмат 28 млрд сом чогулткан. Бул маалыматтар Бажы кызматынын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегияда айтылды. Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев өсүштү «Смарт бажы» санариптик платформасынын ишке кириши менен байланыштырды. Анын айтымында, бул система ажырымдарды кыскартып, көмүскө ишмердүүлүктү азайтууга шарт…

Кененирээк