Кыргызстан бала бакчаларга жана мектепке чейинки билим берүүнү реформалоого $6,36 млн тартат

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитети «Келечек үчүн билим берүү» долбоорун кошумча каржылоо боюнча Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен түзүлгөн макулдашууларды ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Кеп $6,36 млн тууралуу болуп жатат, анын $4,36 млн насыя, дагы $2 млн грант түрүндө берилет. Каражат мектепке чейинки билим берүүнү…

Кененирээк

Бала бакчаларга логопед жана психолог штаттары киргизилди

Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, бул талаптар жаңы стандарттарга киргизилген. Ал керектүү адистердин тизмеги Илим министрлигине жөнөтүлүп, ЖОЖдорго керектүү адистерди окутуп берерин кошумчалады.

Кененирээк

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бала бакча курулууда

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн курула турган «Үмүт чырагы» бала бакчасынын курулушуна мезгил кутучасын салды. “Бул курулуш биздин балдарыбызга болгон чоң камкордуктун белгиси. Өзгөчө балдар үчүн атайын шарттары каралган мындай чоң үмүттүн символу болгон бала бакчанын курулушу коомубуз үчүн да, ата-энелер үчүн да чоң кубаныч”, – деди…

Кененирээк

Өзгөн шаарында жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Өзгөн шаарында жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Эки кабаттан турган жаңы бала бакча заманбап талаптарга жооп берген шарттар менен камсыздалып, 100 орундуу. Курулуш иштери 2024-жылы жергиликтүү жана республикалык бюджеттин эсебинен башталып, жалпы тендердик баасы 49 миллион сомду түздү. Маалыматка ылайык, 2025-жылы Өзгөн районунда жалпы 17 бала бакча, 4…

Кененирээк