Кыргыз балбаны дүйнөлүк рейтингде үчүнчү орунга чыкты
Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев UWWнин дүйнөлүк рейтингинде 70 кг салмак категориясында үчүнчү орунга чыкты. 25 жаштагы спортчуга бул көрсөткүч 2025-жылы Хорватияда өткөн дүйнө чемпионатындагы жыйынтык боюнча топтогон рейтингдик упайлар алып келди. Ал мелдеште коло медаль уткан. Жаңыланган рейтинг UWWнин расмий сайтында жарыяланды. Акматалиев өз категориясында дүйнөлүк лидерлердин катарында калууда.

