Депутаттар БШКнын мүчөлөрүнүн санын кыскартуу сунушун колдоду

Жогорку Кенеш Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Депутат Нурбек Сыдыгалиевдин айтымында, долбоорго ылайык Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн саны 12ден 7ге чейин кыскартуу сунушталууда. 3 мүчө — президенттин квотасы менен 4 мүчө — парламенттин квотасы менен шайланмак. Бирок экинчи окууда кызыкчылыктар кагылышпашы үчүн мүчөлөрдүн санын 8 кылып бекитүү сунушу айтылды….

Кененирээк

БШК мүчөлөрүн кыскартуудан бюджеттен 2 млн сом сарамжалданат

Бул тууралуу ЖКнын комитет жыйынында белгилүү болду. БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров 2025-жылы бир мүчөгө 585 миң сом кеткенин айтты. Натыйжада БШК мүчөлөрү 12ден 7ге чейин кыскарса бюджеттен 2 млн сомдон ашык каражат сарамжалданары айтылды. Жыйынтыгында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети мыйзам долбоорун колдоп беришти.

Кененирээк

БШК төрт адамга депутаттык мандат тапшырды

Борбордук шайлоо комиссиясы №13 округдан эң көп добуш алган талапкерлерди депутат катары каттады. Айбек Алтынбековго, Талант Мамытовго жана Айгүл Карабековага Жогорку Кеңештин депутаты деген күбөлүк жана төш белги ыйгаруу туралуу чечим кабыл алынды. Буга чейин БШК март айында өтө турган шайлоону жокко чыгарып, былтыр 30-ноябрда өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган. БШК ошондой эле Элдар Сулайманов…

Кененирээк

13-округда кайра шайлоо болбойт: БШК шайлоону өткөн деп тааныды

Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы чечимине ылайык, 13-округда Бактыбек Сыдыковго берилген добуштар гана жокко чыгарылды. Ал буга чейин бул округда эң көп добуш алган талапкер болчу. Бул округдагы шайлоо участкаларда уруксатсыз видеого тартуу фактыларына байланыштуу шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Кайра шайлоо 1-мартка дайындалып, жаңы талапкерлер каттоодон өткөн, ал эми мурдагы талапкерлерге кайра катышууга тыюу салынган….

Кененирээк