Эки кыргызстандык балбан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты

Мелдешти чейрек финалдан баштаган Орозобек Токтомамбетов индиялык Жайдипди 2:0 эсебинде жеңип алды. Ал жарым финалда япониялык Ёсиносукэ Аояги менен күч сынашат. Ал эми Яков Чаплин чейрек финалда тажикстандык Исмаил Картоев менен беттешип, 2:2 эсебинде акыркы аракетинин эсебинен жеңишке жетти. Жарым финалда ал бахрейндик Магомед Шариповго каршы чыгат.

Кененирээк