Көк бөрү жана жер улак боюнча финалдык беттештерге билеттер сатылып бүттү

Көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк бөрү жана жер улак боюнча финалдык беттештерге билеттер калбай калганын уюштуруучулар билдиришти. Финалдык оюнга 7000 билет 1000 сомдон сатылганы белгилүү болду. Учурда жер улак боюнча 6-сентябрга пландалган финалда Кыргызстан менен Казакстандын командалары алтын байге үчүн күч сынашары белгилүү болуп калды. Ал эми көк бөрү боюнча финалчылар алдыдагы оюндардын жыйынтыгында аныкталат.

Кененирээк