Өлкөдөгү эң мыкты мугалимге батир берилет
Агартуу министрлиги “Жылдын мыкты мугалими” сынагын өткөрүп жатат. Ага 133 окутуучу катышууда. Мугалимдер “Педагогикалык кырдаалдар”, “Мастер-класс”, “Сабак” сыяктуу турлардан өтүшү зарыл. Мыкты деп табылган педагогго батир берилет. Калган номинациялардын жеңүүчүлөрү президенттин фондунан акчалай сыйлык алышмакчы. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 5-октябрда өтөт.


