Кыргызстанда көмүрдүн баасына үч айлык мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет
Мындай чечим калкты отун менен камсыздоо жана алып-сатарлар бааны көтөрүп ийбеши үчүн кабыл алынды. Көмүрдүн максималдуу баасын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бекитип берет. Рыноктогу кырдаалга жараша жөнгө салуу мөөнөтү узартылышы мүмкүн.


