Кыргызстанда жаныбарлар үчүн вакциналарды чыгаруучу жаңы завод куруу пландалууда

Эрлист Акунбеков бул демилге импортко көз карандылыкты азайтып, мал ооруларын көзөмөлдөөнү күчөтөрүн белгиледи. Долбоордун баасы болжол менен 10 млн долларды түзөт. Жаңы завод өндүрүштү кеңейтип, заманбап технологияларды киргизүүгө шарт түзөт. Долбоор «Алтын Тамыр» компаниясы менен биргеликте ишке ашат. Азыркы учурда бул ишкана өлкөдөгү жалгыз биопрепарат өндүрүүчү болуп саналат жана продукциясын чет өлкөлөргө экспорттойт. Бул долбоор…

Кененирээк

2026-жылы борбор калаада экинчи таштанды иштетүүчү заводдун курулушу башталат

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев муниципалитеттин коллегиясында билдирди. Анын айтымында, жаңы объект ишке кирсе, комплексинин жалпы кубаттуулугу суткасына 3 миң тоннага чейин жетет. Мунун негизинде Бишкек шаарынын гана эмес, бүтүндөй Чүй аймагынын катуу тиричилик калдыктарын иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эске салсак, Борбор Азиядагы алгачкы экотехнологиялык завод 2025-жылдын 27-декабрында ачылган. Учурда ал 80 миң тонна…

Кененирээк

Ошто таштандыдан электр энергиясын өндүргөн завод курулат

Ош шаарынын мэриясы менен Кытай Эл Республикасынын алдыңкы экологиялык технологияларды колдонгон «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» компаниясынын ортосунда концессиялык келишимге кол коюлду. Келишимге Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана аталган компаниянын жетекчиси Дай Даого кол коюшту. Келишимдин алкагында тиричилик калдыктарын кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү заманбап завод курулат. Аталган завод жылына 310 миң тоннага…

Кененирээк

Касымалиев Бириккен Араб Эмирликтеринде кыргызстандыктар ачкан заводго барды

Epos Water Production LLC ишканасы бөтөлкөдөгү ичүүчү суу жана суусундуктарды чыгарат. Минкаб төрагасы БАЭде өндүрүштүк ишкана ачуу профессионалдуулукту, стратегиялык ой жүгүртүүнү жана өнөктөштөрдөн ишенимди талап кылган олуттуу кадам экенин белгиледи. «БАЭ рыногу дүйнөдөгү эң динамикалуу өнүгүп жаткан рыноктордун бири, ага кыргызстандык компаниянын кириши биздин продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн жана улуттук бизнесибиздин жетилгендигинин көрсөткүчү», — деди Касымалиев….

Кененирээк