Жогорку Кеңештин коомдук кабылдамасында кайрылуулар эми оозеки да кабыл алына баштайт

Буга чейин кайрылуулар текст түрүндө гана кабыл алынчу. Эми аудио кайрылуулар жасалма интеллект аркылуу текстке айланып, тиешелүү депутатка жөнөтүлөт. Кабылдамада жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, балалуу энелер үчүн атайын бөлмө да каралган. Ошондой эле кайрылууларды кабыл алуу жана кароо системасы жаңыртылып, процессти ыкчамдатууга шарт түзүлдү. Төрага Марлен Маматалиев жаңы кабылдаманын ишин текшерип, биринчи болуп келгендерди…

Кененирээк

Бишкек шаарында “Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу” улуттук форуму болуп өттү

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан келген чыгармачыл жана илимий интеллигенция өкүлдөрү катышты. Президент Садыр Жапаров дүйнө тездик менен өзгөрүп жаткан маалда илимий жетишкендиктерди маданий мурас менен айкалыштырып, инновациялык багытта иш алып баруу өзгөчө мааниге ээ экендигин кайрылууда билдирген. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров форумдун катышуучуларына кайрылуу жолдогон, аны Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев окуп берди.

Кененирээк

Жакынкы Чыгышта жана Афганистан менен Пакистандагы мекендештер үчүн маанилүү маалымат!

Аталган аймактарда кырдаалдын курчушуна байланыштуу, ТИМ чет өлкөдөгү мекемелердин ыкчам байланыш телефондорун жарыялады: КРдин Кувейттеги элчилиги: +96550887691КРдин Катардагы элчилиги: +97450667001КРдин Сауд Арабия Падышачылыгындагы элчилиги: +966583769945КРдин БАЭдеги элчилиги: +971522255269КРдин Дубай шаарындагы Башкы консулдугу: +971522918840КРдин Ирандагы Элчилиги +982122830354; +989352505229КРдин Израилдеги резиденциясы, Анкара шаарында жайгашкан элчилиги: +905456896800 КРдин Афганстандагы элчилиги:+93779099326КРдин Пакистандагы элчилиги:+923335556343КРдин Израилдеги ардактуу консулу:+972533214916КР ТИМинин консулдук департаменти:+996999312002

Кененирээк

Конституциялык сот президенттин кайрылуусун 17-февралда карайт

Садыр Жапаров Конституциялык сотко кайрылуусунун себебин түшүндүрдү. Бул маселеде сотко кайрылуу укуктук жактан туура жана логикалуу кадам экенин белгиледи. Анын айтымында, коомдо жаралган күмөн саноолорго жана талаштуу суроолорго мыйзамдуу, так жооп болушу керек. Бүгүн өлкөдө Конституцияга байланыштуу маселелер боюнча акыркы укуктук бааны бере алган орган — Конституциялык сот. Эске салсак, мамлекет башчысы Конституциянын 67, 68…

Кененирээк

Камчыбек Ташиев кызматтан алынганы боюнча кайрылуу жасады

Аны журналист Нургазы Анаркулов жарыялады. Кайрылууда Ташиев президенттин уруксаты менен Германияга дарыланганы барганын, иштен алынганы ал үчүн күтүүсүз болгонун белгилеген.  “Кандай болгон күндө да президенттин чечимин аткарууга милдеттүүбүз. Мамлекетибиз, эли-журтубуз, президентибиз алдында ак кызматымды өтөдүм жана сыймыктанамын! Бир гана жеке курам менен коштоштурбай койгону өкүндүрөт! УКМКнын ар бир кызматкерине ыраазычылык билдиремин, ийгилик каалаймын! Ал эми…

Кененирээк

75 адам президент Жапаровго мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү өтүнүчү менен кайрылды

Кыргызстанда 75 коомдук ишмер, экс-депутат, окумуштуу жана мурдагы министрлер Президент Садыр Жапаровго жана ЖК Төрагасына мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу менен коллективдүү кайрылуу жолдошту. Кайрылууда авторлор 2021–2025-жылдар аралыгында өлкөдө туруктуулук, армия чыңдалып, чек ара маселелери чечилгенин, коррупцияга каршы күрөш күчөгөнүн оң баалашат. Ошол эле учурда алар мамлекеттик карыздын өсүшүн, кымбатчылыкты, жакырчылыктын көбөйүшүн, өнөр жайдын…

Кененирээк