Садыр Жапаров Чоң-Алай районундагы “Кара-Мык” чек ара заставасына барды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 13-апрелде, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Кара-Мык” чек ара заставасынын инфратүзүмүн жакшыртуу долбоору менен таанышты. Мамлекет башчысына объекттин социалдык жана инженердик инфраструктурасын модернизациялоого багытталган чаралар комплекси этап-этабы менен ишке ашырылып жатканы тууралуу маалымат берилди. Тактап айтканда, өздүк курамдын кызмат өтөө жана жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган бир катар объекттер пайдаланууга…


