Эркин күрөш боюнча дагы эки спортчу коло медаль тагынды
Кечее, 11-апрелде килемге чыккан Жакшылык Байташов кичи финалда тажикстандык Сомонжон Икромовду жеңип алды. Балбандар 79 кг чен бирдигинде күрөшүп, беттеш 6:0 эсебинде кыргыз спортчусунун жеңиши менен аяктады. Ал эми бүгүн, чемпионаттын акыркы күнүндө балбан Яков Чаплин 92 кг салмакта коло медалдын ээси болду. Үчүнчү орун үчүн болгон ал беттеште кытайлык Хаде Айидусини 6:4 эсебинде утуп…


