Президент үгүт иштерине мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди катыштырууга тыюу салды

 Садыр Жапаров алдыдагы президенттик шайлоону таза өткөрүүгө багытталган жарлыкка кол койду. Анда мугалимдер менен окуучуларды, студенттерди, социалдык камсыздоо органдарынын, медициналык мекемелердин жана башка мамлекеттик, муниципалдык уюмдардын, мекемелердин, ишканалардын кызматкерлерин үгүт иштерине тартууга катуу тыюу салынат. Кыргыз Республикасынын президентин кезектеги шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.

Кененирээк