БШК бир катар жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргызстандын БШКсы 12-майдагы жыйынында аймактык шайлоо комиссияларынын бир катар жергиликтүү кеңеш депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү боюнча чечимдерин бекитти. Мандаттар Аламүдүн, Ысык-Ата, Жумгал, Кемин, Бакай-Ата райондорунда, ошондой эле Манас жана Ош шаардык кеңештеринде жаңы депутаттарга берилди. Ош шаардык кеңешиндеги бош мандатты «Мурас» партиясынан эң көп добуш алган Толкун…


