Ош улуттук драма театры ТҮРКСОЙдун IV эл аралык театр фестивалында баш байге утту
Өзбекстандын Анжиян шаарында өткөн сынакка Султан Ибраимовдун атын алып жүргөн театр жамааты “Бир келип кетчи Ош жакка» спектакли менен барган. Драма Кыргыз эл жазуучусу Арслан Койчиевдин чыгармасынын негизинде сахналаштырылган. Анда кыргыз элинин башынан өткөргөн үч доору камтылып, сахнада 60тан ашык актёр ойнойт. Спектаклди режиссёр Уланмырза Карыпбаев койгон.


