Өлкө ичинде эле жарактуу болгон убактылуу айдоочулук күбөлүк берүү сунушталды
Президенттин иш башкармалыгы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, автомектептер реестрге киргизилип, иши мамлекет тарабынан көзөмөлдөнөт. Мурда автомектептер лицензия менен иш алып барчу. Бирок быйыл алардын лицензиялары убактылуу токтотулуп, айдоочуларды даярдоо мамлекеттик окуу жайларына өткөрүлгөн. Долбоордо Кыргызстанда гана жарактуу убактылуу айдоочулук күбөлүк киргизүү да каралган. Аны берүү тартибин минкаб аныкташы керек болот. Мындан тышкары,…


