Академик Илгиз Айтматов дүйнө салды
Техника илимдеринин доктору Илгиз Айтматов 27-августта 93 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу академиктин жакындары билдирди. Илгиз Айтматов — тоо кен геомеханикасы боюнча адис, 1990-1993-жылдары Улуттук илимдер академиясына президент болгон. Анын илимий эмгектери негизинен кендерди коопсуз жана натыйжалуу иштетүү, чоң гидротехникалык курулуштарды куруу, айлана-чөйрөнү коргоо, тоолуу аймактардагы табигый жана техногендик кыйроолорго арналган. 260тан ашык илимий эмгектин,…


