Ош Пирим

“Бүгүн 83 жашка чыкмак”. Р.Абдыкадыров тууралуу фактылар

Кыргыз музыка дүйнөсүнө обондору, ырлары менен белгилүү болгон улуу талант Рыспай Абдыкадыров бүгүн көзү тирүү болгондо 83 жашка чыкмак. Ал 1941-жылы 12-январда Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Абдыкадыровдун бейнеси, чыгармалары тууралуу “Ош Пирим” сайты бир топ фактыларга токтолот. • Р. Абдыкадыровдун көзү өткөндөн 8 күндөн кийин 1994-жылы 20-сентябрында “Эл агартуунун отличниги”…

Кененирээк

Айрым айыл аймактардын аты өзгөрөт

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» КР Мыйзамына кол койду. Ага ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагын Молдо Нияз айыл аймагы, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Назаралиев айыл аймагын Үч-Коргон айыл аймагы, Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Дөш айылын Тынчтык айылы, Дүкүр…

Кененирээк

Аялдарга ЭКО жасатууга мамлекеттен колдоо көрсөтүү сунушталды

Кыргызстанда ЭКО (ЖАСАЛМА) жол менен уруктандырууну жасаган бир дагы мамлекеттик клиника жок. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева билдирди. Анын айтымында экстракорпоралдык ыкма менен балалуу болуш үчүн көп каражат керек болгонун, көп үй-бүлөөнүн каражаты жетпей ажырашуу көп болуп жатканын кошумчалайт. Ал балалуу болууну эңсеген үй-бүлөлөргө колдоо иретинде мамлекеттик квотаны киргизүүнү сунуштады. “Жеке…

Кененирээк

100 үй-бүлөгө бекер кумшекер таратылды

Талас районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоо максатында 100 үй-бүлөгө бекер кумшекер таркатылды. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта, Талас райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын тийиштүү кызматкерлери муктаж делген 100 үй-бүлөгө “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен 1 тонна өлчөмүндө кумшекер тапшырылган. Белгилей кетсек, аталган фонд…

Кененирээк

Өткөн жылы «Кыргызкөмүр» ишканасы 1,3 млн. тонна көмүр казган 

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы 2023-жылы 1 миллион 323 миң тонна көмүр казды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Негизи өткөн жылы 750 миң тонна көмүр казылуу пландалган. Маалымдагандай, калкты арзан көмүр менен камсыздоо багытында Бишкек шаарында 6 көмүр кампасы негизделсе, республика боюнча ири шаарларда жалпысынан 42 көмүр кампалары ачылган. «Бул көмүр кампаларынын ачылышы элге пайдалуу болду. Көмүрдүн…

Кененирээк

Баткенде аялдар үчүн алгачкы жолу спорт комплекси курулду

Баткенде аялдар үчүн заманбап спорт комплекси пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Спорт комплекси Баткен районунун чек арада жайгашкан Самаркандек айылынын Орто-Сай жерине курулган. Бул жай облуста кыз-келиндер үчүн курулган алгачкы спорт комплекси болуп саналат. Максаты жаштардын жана аялдардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу жана спорт менен машыгууларына шарт…

Кененирээк

Өзгөн айланма жолунун алгачкы этабы башталды

Өзгөн айланма жолун куруу үчүн Кара-Дарыянын жээги бекемделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Учурда дарыянын сол жээгин бекемдөө иштери жүрүп жатат. Аны бекемдөөгө ӨКМ жалпысынан 26 техника бөлгөн. Жумуштун жүрүшү менен КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары А.Мазарипов жеринде кабар алып, тийиштүү тапшырмаларды берди. Мындай чечим Бишкек — Ош унаа жолунда, анын ичинде Өзгөн…

Кененирээк

Баткенде уранды астында калган 2 кен казуучу куткарылды

Сүлүктү шаарындагы «Южный 3» көмүр кенинде урандынын астында калган эки кен казууучу куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 7-январда Сүлүктү шаарындагы «Южный 3» шахтасында эки жумушчу урандынын астында калган. Жалпысынан 18 куткаруучу тартылган.Кечээ жүргүзүлгөн издеп-куткаруу иши көмүр шахтанын 140 метр тереңдигинде жүргүзүлгөн.Кырсык катталган убакыттан жарым саат өтпөй 1992-жылы жана…

Кененирээк

Айдоочулардын эсине! Бишкекте дагы эки көчө бир тараптуу болот

Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү эки көчө 6-январдан тарта бир тараптуу болот. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирет. Тактап айтканда, Ж. Турусбеков жана Т. Үмөталиев көчөлөрдүн төмөнкү тилкелеринде бир тараптуу кыймыл уюштурулат: Ж. Турусбеков көчөсү — Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө);Т. Үмөталиев көчөсү — Жибек Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө).

Кененирээк

Өлкө аймагында жер титиреди

Кыргызстанда 5-январга караган түнү саат 00:51 де очогу 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Бейит айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Кененирээк