Ош Пирим

6000ден ашык оорулуу баланы сактап калган. Мэри Тереза (Мать Тереза) тууралуу кызыктуу фактылар

1. Анын чыныгы аты — Агнес Гонжа Бояджиу. Ал 1910-жылы Скопьеде албан үй-бүлөдө төрөлгөн. «Гонжа» сөзү «баштап келе жаткан гүл» дегенди билдирет. 2. 18 жашында үй-бүлөсүнөн түбөлүккө кетип, диний жашоону тандаган. Ал ата-энесине: «Мен дүйнөгө кызмат кылам» деп коштошуп, кайра артка кайрылган эмес. 3. Индияга жөнөп кетүүсү — анын жашоосунун бурулуш учуру. Алгач мектепте мугалим…

Кененирээк

Өлкө боюнча 200дөн ашык мектеп карантинге жабылды

Республика боюнча 207 мектеп онлайн окутууда жана 214 бала бакча убактылуу карантинге жабылды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда өлкө аймагында сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялардын күч алышына байланыштуу балдардын абалы Агартуу жана Саламаттык сактоо министрликтеринин, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин тыкыр көзөмөлүндө турат. «Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын карантинге жабуу боюнча көрсөтмөсүнө ылайык Агартуу…

Кененирээк

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Тоолордо -33 градуска чейин суук болот. 8-декабрдан баштап өлкө аймагында кар жаап, жолдор тайгак болот. Кыргызгидромет 8-9-10-декабрда өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, мезгил-мезгили менен кар жаай турганын кабарлады. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы көпчүлүк аймактарда секундасына 15-20 метрге, ал эми Ысык-Көлдүн акваториясында 19-24 метрге чейин…

Кененирээк

33 секунд ичинде жеңиш: Жакшылык Мырзабеков ACAнын убактылуу чемпиону болду

Москвада өткөн ACA 197 турнириндеги биргелешкен башкы беттеште Мырзабеков тез жеңишке жетишти. Ал орусиялык мушкер Узаир Абдураковду болгону 33 секундда муунтуу ыкмасы менен жеңилүүгө мажбур кылды. 14–2 рекордуна ээ Мырзабеков бул беттешке орто салмактагы убактылуу чемпиондук куруна талапкер катары чыккан. Анын атаандашы дивизиондогу экинчи номер болгон Абдураков (20–1–1) эле. Бул жеңиш спортчуга убактылуу чемпиондук наамды…

Кененирээк

«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун тилкесиндеги туннелдин курулушу башталды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тош-Кутчу жерлигиндеги «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун тилкесиндеги туннелдин курулушу менен таанышты. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун долбоору «Торугарт – Арпа – Кош-Дөбө – Макмал – Жалал-Абад» (304,94 км) маршруту боюнча өтөт. Торугарт – Макмал (160 км) тилкесинде 1435 мм темир жол изи, Макмалдан Жалал-Абадка чейин (145 км) – 1520…

Кененирээк

Алымбек датка менен Курманжан датканын күмбөзү жаңыдан курулду

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Сары мазар көрүстөнүндөгү Алымбек датка менен Курманжан датканын толук жаңыдан курулган күмбөзүндө куран окуду. Буга чейин күмбөздүн сырткы, ички бөлүгү эскирип, зыярат кылганы келген жарандар үчүн да толук шарт болгон эмес. Жаңыдан курулган күмбөз мрамор таштар менен кооздолуп жасалып, ичинде зыяратчылар үчүн куран окууга ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Жакынкы күндөрү жаңыдан…

Кененирээк

Өкмөт жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү көрсөттү

Министрлер Кабинети жаңы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүктү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды. Документ учурдагы лицензияны жаңыртуу жана аны эл аралык таануу процессин жөнөкөйлөтүү максатын көздөйт. 2019-жылдагы эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү берүү бланктар түгөнгүчө уланат.Андан кийин жарандарга 2025-жылдагы жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк берилет. Быйылтан тарта “Учкун” ишканасы жаңы айдоочулук күбөлүктөрдү жана унааны каттоо күбөлүктөрүн чыгарары айтылган….

Кененирээк

Балдарын сабаган аял кармалды

Аял балдарын зым менен сабап, видеого тартып күйөөсүнө жөнөткөн.Социалдык тармактарга аялдын күйөөсүнө кайрылып, балдарды өлтүрөм деп коркуткан видеосу тарады. Видеодо анын жанында бир уул жана бир кыз турат. Бир аздан кийин ал аларга жакындап барып, электр шайманынын зымы менен бир нече жолу урат. Балдар коркконунан жерге жыгылып, чөгө түшүп ыйлап жатышат.Милиция билдиргендей, бул факт Маалыматтардын…

Кененирээк

13-округдагы добуш берүү жокко чыгарылды

13-округдагы добуш берүү жокко чыгарылды.Чечимди БШК талапкердин тарапташтары шайлоочуларды телефонго тартып, добуш берүүнү көзөмөлдөгөнү далилденгенден кийин кабыл алды. Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Махабат Кожокеева добуш берүүнүн жүрүшү шайлоочунун идентификациядан өтүшүнөн тартып, бюллетень таштаганга чейинкиси толук видеого жазылып турганын көрсөттү. Чечимге ылайык, бул округдан катышкан 14 талапкер кайра шайлоого катышуу укугунан ажыратылат.Бул округда Бакыт Сыдыков,…

Кененирээк

Өкмөт башчы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады

Өкмөт башчы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 3-декабрь – Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата жарандарга кайрылуу жасады. Ал бул күнү өзгөчө муктаждыгы бар адамдардын укуктарын жана коомдук турмушка толук катышуусун камсыз кылуу иши белгиленерин айтты. Анын айтымында, өлкөдө 221 миңден…

Кененирээк