Ош Пирим

Араван менен Гүлчө шаар макамын алат

Бир катар шаарлар ирилештирилип, Араван жана Гүлчө райондук маанидеги калаа болуп түзүлүүдө. Тиешелүү мыйзам долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги коомдук талкууга алып чыкты. Мыйзам долбоору сынамык режимде жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын жыйынтыгы боюнча иштелип чыкканы маалымдалды.Аталган мыйзам сынамык режимде жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын жыйынтыгы боюнча иштелип чыккан. Мыйзам долбоору менен 235 ирилештирилген айыл аймактары, Бишкек жана Ош…

Кененирээк

Эртең салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү

Эртең, 30-апрелде жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертет. Бүгүн жана эртең бардык аймактык салык органдары декларацияны түнкү саат 24:00 гө чейин кабыл алышат. Эскерте кетсек, 1-майга чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү: – жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер; – менчигинде салык…

Кененирээк

Бир мандаттуу шайлоонун жыйынтыгы чыкты

БШК бир мандаттуу үч округдан Жогорку Кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын жарыялады. Маалыматтар автоматтык түрдө эсептеген урналардан түшкөн. Баткен округунда 41,94 пайыз менен Бактыяр Калпаев алдыда, Ош округунда Бекмурза Эргешов, ал эми Кара-Суу округунда 37, пайыз добуш менен менен Илимбек Кубанычбеков алдыга чыкты. Белгилеп кетсек, акыркы, аныкталган жыйынтык бюллетендер кол…

Кененирээк

ӨКМ: Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинен 29-апрелине чейинки жаан-чачынга байланыштуу төмөнкү тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө: Кыргызстандын тоолуу райондорунда;Бишкек – Ош унаа жолунун 207-224-чакырымындагы Ала-Бел ашуусунда;Каракол – Эңилчек унаа жолунун 74-86 чакырымындагы Чоң-Ашуу ашуусунда.Белгиленгендей, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык…

Кененирээк

Акыркы коңгуроого акча чогултууга тыю салынды

«Акыркы коңгуроо» салтанаты 25-майда өтөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги маалымдадыбыйыл республиканын жалпы билим берүү уюмдарында Мектеп директорлоруна салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү үчүн акча чогултууга, бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине «Акыркы коңгуроо» салтанатынан сырткары иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат. Коопсуздук чараларын камсыз кылуу жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт. Бишкек, Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын жана…

Кененирээк

30-апрельге чейин салык органдары түн ортосуна чейин иштешет

Бүгүнтөн тарта 30-апрелге чейин салык органдары түн ортосуна чейин иштейт. Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, иштөө убактысын узартуу чечими салык декларациясын кабыл алуу боюнча натыйжалуу өнөктүк жүргүзүү максатында кабыл алынды. Ага ылайык, документтер иш күндөрү жана дем алышта эртең мененки саат 9дан түнкү 12ге чейин кабыл алынат. Эске салсак, 1-майга чейин өткөн жылга кирешеси боюнча отчетту…

Кененирээк

9-майда Орусияда “өлбөс полктун” жүрүшү болбойт

Быйыл Москвада 9-майда “Өлбөс полктун” жүрүшү болбойт. Иш-чара онлайн форматта өткөрүлөрүн орус Телеграм-каналдары жазды. Маалыматка ылайык, жүрүш “коомдук коопсуздукка коркунуч жаралып жатканына” байланыштуу мурдагыдай өткөрүлбөйт. Башка шаарларда да иш-чара болбойт.

Кененирээк

Билим берүүгө тармагына лицензия берүү электрондук негизде жүргүзүлөт

Кыргызстанда 1-майдан тарта билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензия алуу үчүн арыздар электрондук түрдө кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Арыздар лицензиялоону жана аккредитациялоону башкаруунун автоматташтырылган системасы аркылуу гана жиберилиши керек. Арыз ээсине административдик иштин аткаруучусу менен жолугуунун кажети жок болгондуктан, коррупциялык тобокелдиктер жоюлат. Жайгашкан жери өзгөргөн учурда билим берүү уюму бул тууралуу…

Кененирээк

Эми нотариалдык кызматтар ишемби күнү да иштейт

Бүгүнтөн баштап Кыргызстанда мамлекеттик нотариустар ишемби күндөрү да иштеп баштайт. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, бул мүлктү легалдаштырууну каалагандардын көптүгү менен байланыштуу. Мындан тышкары, стандарттуу нотариалдык аракеттерди жасоо, анын ичинде мурастык иштерди каттоо үчүн жарандар жеке нотариустарга кайрыла алышат. Эске салсак, 9-июнга чейин мүлктөрдү ыктыярдуу түрдө легалдаштырууга болот.

Кененирээк

“Мамлекеттик сатып алуулар” жөнүндө мыйзам кабыл алынды

Жогорку Кеңештин жыйынында «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды. Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Винера Раимбачаева, Марлен Маматалиев, Таалайбек Масабиров, Сеидбек Атамбаев. Жыйында баяндама жасаган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Дастан Бекешев белгилегендей, мыйзам долбоору ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар билим алган адистештирилген…

Кененирээк