Кардиология тармагындагы эки оорукананын жетекчилери кызматтан алынды
Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талантбек Сооронбаев жана Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун жетекчиси Самидин Шабыралиев кызматтан алынды. Мындай чечим аталган мекемелерде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыктарынан кийин саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов тарабынан кабыл алынды. Текшерүү учурунда Улуттук кардиология жана терапия борборунда ангиографтардын иштебей турушу, коронароангиографиянын өз убагында жүргүзүлбөгөнү, реанимация бөлүмдөрүндө эхокардиографиянын жеткиликсиз…


