УКМК: Ишкер Жалил Атамбаев менен мурдагы депутат Салайдин Айдаров кармалды
Уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого шектелип ишкер Жалил Атамбаев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Салайдин Айдаров кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, алар Салимбай Абдувалиев (Салимбай байбача) менен мамиле куруп, бизнесин калкалаткан. Жалил Атамбаев өзүнүн бизнес-империясын кеңейтүү максатын көздөп, Өзбекстандагы кылмыш дүйнөсүнүн лидери Салимбай Абдувалиев менен жакын мамиледе болгон. Өз кезегинде Абдувалиев Атамбаевге колдоо көрсөтүп,…

