ЖК комитети УКМК төрагалыгына Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлигин жактырды

Парламенттин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси кызматына Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлигин жактырды.

Кененирээк

Президент Садыр Жапаров үч министрликтин жаңы милдетин аткаруучуларын дайындады

Урматбек Шамырканов Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине макулдашууга киргизилди. Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп Талантбек Солтобаев дайындалды. Анын талапкерлиги да макулдашуу үчүн парламентке жөнөтүлдү. Ошондой эле Акыл Токтобаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу…

Кененирээк

Садыр Жапаров үч министрди кызматтан бошотту

Бул тууралуу Президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Президент Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевди, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиевди, ошондой эле транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевди ээлеген кызматтарынан бошотту.

Кененирээк

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кызматтан алынды

Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Шамырканов Урматбек Муслиновичтин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.

Кененирээк

Президент: «К.Ташиев мамлекеттик кызматка келбейт»

Президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев менен мамилеси тууралуу суроого жооп берип, мурдагы позициясында калганын билдирди. Анын айтымында, алар дос бойдон кала берет. Бирок Ташиев мындан ары мамлекеттик кызматка келбейт. “Дос эс алсын, ден соолугун карасын. Тегерегиндеги айрым адамдардан арылып, тазалансын. Тергөө органдары баарын тактап берет”, — деди президент. Мамлекет башчы азыр бул чечимге Ташиев таарынышы…

Кененирээк

Садыр Жапаров: «Элди экиге бөлүп-жарууга жол бербейм»

Президент Садыр Жапаров коомчулукта айтылып жаткан “түндүк-түштүк бөлүнүүсү күчөшү мүмкүн” деген кооптонууларга жооп берип, өлкөдө аймактык ажырымга жол берилбей турганын билдирди. Ал «Кабар» маалымат агенттигине кезектеги маегин берген. Анын айтымында, мындай бөлүнүүлөрдү саясатчылар жеке кызыкчылыгы үчүн козутуп келген. 2021-жылдан бери аймактар аралык ротация жүргүзүлүп, акимдер менен соттор 100 пайыз алмаштырылган. Бул кадам бөлүнүп-жарылууну азайтууга өбөлгө…

Кененирээк

13-округда кайра шайлоо болбойт: БШК шайлоону өткөн деп тааныды

Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы чечимине ылайык, 13-округда Бактыбек Сыдыковго берилген добуштар гана жокко чыгарылды. Ал буга чейин бул округда эң көп добуш алган талапкер болчу. Бул округдагы шайлоо участкаларда уруксатсыз видеого тартуу фактыларына байланыштуу шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Кайра шайлоо 1-мартка дайындалып, жаңы талапкерлер каттоодон өткөн, ал эми мурдагы талапкерлерге кайра катышууга тыюу салынган….

Кененирээк

Президенттин жана минкабдын Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү алмашты

Тиешелүү тескемеге Адылбек Касымалиев кол коюп, Алмасбек Абытовдун ордуна Бектур Зулпиев дайындалган. Ал буга чейин өлкө башчынын кеңешчиси болчу.

Кененирээк

Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода жумушчу сапары менен Кыргызстанга келди

«Манас» эл аралык аэропортунда Премьер-министрди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды. Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода сапарынын алкагында Бишкек шаарында өтө турган кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышат. Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат….

Кененирээк

Президент К.Ташиевди эмне себептен жумуштан алганын айтты

Садыр Жапаров бул чечимге өлкөдө бөлүнүү коркунучу жаралганынан улам келгенин билдирди. Анын айтымында, айрым депутаттык топтор Жогорку Кеңеште «кайсы тараптасың?» деген принцип менен бөлүп-жарууга аракет кыла баштаган. Айрым адамдар «генерал тарап» жана «президент тарап» деген түшүнүктөрдү жайылтып, депутаттарга жана мамлекеттик кызматкерлерге басым көрсөткөн учурлар болгон. Президенттин айтуусунда соңунда мындай бөлүнүүлөр «көчөдөгү аксакалдарга» жеткен. Ошондой эле…

Кененирээк