Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келди

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкеке түндө келип түшкөнүн анын тарапташтары жазууда. Аэропорттон тосуп алышкан видеосун region маалымат булагы жайгаштырды. Буга чейин Камчыбек Ташиевди Кыргызстанга конгонго уруксат бербей жатышыптыр», деген айың кептерди четке каккан анын тарапташ журналисти Нургазы Анаркулов, УКМКнын экс төрагасы катары авиакаттам менен эле учуп келе жатканын жазган.

Кененирээк

Жогорку Кеңештин Төрагалыгына Марлен Маматалиев шайланды

Жогорку Кеңештеги бардык депутаттык топтор төрагалыкка Марлен Маматалиевди сунуштады. Добуш берүүгө катышкан 75 депутаттын баары макулдугун билдирди. Бүгүн, буга чейинки ЖК төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кызматын өз ыктыяры менен тапшырган.

Кененирээк

Адилет Орозбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Адилет Орозбеков 1978-жылы туулган. Кыргызстан эл аралык университетин «Дипломатия жана эл аралык укук» адистиги боюнча аяктаган, кийинчерээк Россия Федерациясынын ФКК Академиясында окуган.Кыргыз, орус жана англис тилдерин билет. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси класстык ченине, полковник аскердик наамына ээ.

Кененирээк

Кыргызстан Германияны санкциялар маселесинде тең салмактуу мамиле жасоого чакырды

11-февралда Кыргызстандын ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефул менен жолугушту. Тараптар эки тараптуу кызматташтык жана эл аралык күн тартиби боюнча сүйлөшүп, гидроэнергетика, айыл чарба, транспорт, логистика жана туристтик инфраструктура тармактарында немис компанияларын тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Жолугушууда Европанын санкциялык саясаты да өзүнчө тема болду. Кулубаев европалык өнөктөштөрдү бул маселеде конструктивдүү жана тең…

Кененирээк

Жогорку Кеңештин төрагасы кызматтан кетерин жарыялады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 12-февралда кызматтан кетерин жарыялады. Ал мындай чечимди кадрдык алмашууларга байланыштуу кабыл алганын айтты. Бул жеке чечими экенин, эч ким кысым кылбаганын кошумчалады. Нурланбек Тургунбек уулу бул кызматты 2022-жылдан бери аркалап келген. Мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгында ал 2025-жылдын декабрында кайра шайланган.

Кененирээк

Министр Жээнбек Кулубаев «Борбордук Азия – Германия» форматынын министрлер деңгээлиндеги жолугушууга катышты

11-февралда Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев «Борбордук Азия – Германия» форматынын министрлер деңгээлиндеги жолугушууга катышты. Иш-чарага ошондой эле Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын, Өзбекстан Республикасынын жана Германия Федеративдик Республикасынын тышкы саясат ведомстволорунун башчылары катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда «Борбордук Азия – Германия» форматындагы диалогду мындан ары бекемдөө…

Кененирээк

Массалык башаламандыктарды уюштурууга катышы бар деген шек менен дагы эки киши кармалды

ИИМден алар 60 жаштагы А.К жана 58 жаштагы К.А. деп билдиришти. Сүрөт менен инициалдарынан алардын ИИМдин мурдагы орун басар министри Курсан Асанов жана мурдагы вице-премьер-министр Аалы Карашев экендигин таанууга болот. Кармалгандардын жашаган жерлери тинтүүгө алынган. Эске салсак, буга чейин кайрылуу жасаган 75 кишинин ичинен үчөөнө массалык башаламандык уюштуруу боюнча айып тагылып, шектүүлөр камакка алынган. Милиция…

Кененирээк

Казакстан Навальныйдын штабынын ыктыярчысын Орусияга берүүгө макул болду

Казакстандын бийлиги Орусиянын Юлия Емельянованы экстрадициялоо өтүнүчүн канааттандырды. Ал РФда таксисттен 12 миң рублдик телефон уурдоого шектелүүдө. Маалыматты “Согушка каршы комитет” таратты. Активист 2025-жылы Алматы аэропортунда кармалган. Адвокат Мурат Адам бул иш “саясий негизде козголгон” деп эсептейт. Анын айтымында, сөз болуп жаткан сумма “күлкүлүү”, ал эми Емельянова мурда Санкт-Петербургдагы Алексей Навальныйдын штабында ыктыярчы болгон. Коргоо…

Кененирээк

Күзөт кызматы: Камчыбек Ташиевдин коопсуздугун камсыз кылуу уланат

Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы Сыргак Бердикожоев Камчыбек Ташиев мамлекеттик кайтаруудагы адам экенин жана мындан ары дагы анын коопсуздугун камсыз кылуу уланарын билдирди. “Социалдык тармактарда Камчыбек Ташиевдин коопсуздугу боюнча жарандар билдирип жаткан тынчсыздануулар тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан эске алынууда. Президент Садыр Жапаров тиешелүү тапшырмаларды берди.Камчыбек Ташиев мурда кайтарууга алынган адам болгон жана анын жеке коопсуздугун камсыз…

Кененирээк

Мамлекеттик чек ара кызматы УКМКнын курамынан чыгарылды

Мындан ары Чек ара кызматы УКМКга карабайт. Дегеле Кыргызстандын тарыхында Чек ара кызматы бир нече жолу ушундай өзгөртүүлөргө туш болуп жатат. Акыркы жолу 2020-жылы, бийликке Садыр Жапаров келип, УКМК төрагалыгына Камчыбек Ташиев дайындалганда Чек ара кызматы УКМКга бириктирилген болчу. Мындан ары кызмат өз алдынча орган болот жана анын башчылыгында мурдагы эле жетекчи — Абдикарим Алимбаев…

Кененирээк