Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Ош облусуна келди
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Ош облусуна келди. Сапардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы бир катар өнөр жай жана социалдык объектилерди кыдырат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Ош облусуна келди. Сапардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы бир катар өнөр жай жана социалдык объектилерди кыдырат.
“Примов” кайрымдуулук фондунун колдоосу жана Ош шаардык мусулмандар казыяты менен биргеликте, жалпы мечит имамдары үчүн “Мухтасар Аль-Викая” китеби боюнча, ал эми Ош шаарындагы кыз-келиндер арасында “Пайгамбарыбызды (С.А.В.) жакындан тааныйлы” аттуу конкурстарынын жыйынтыктоочу майрамдык аземи Кыргызстан кинотеатрында 30-май күнү болуп өтөт!Байге фонду 1 000 000 сом болгон сынакка 1000ден ашуун мечит имамдары жана кыз келиндер катышкан.Эгер…
Баланы атасы бакса, энеси тарабынан алимент төлөнсүн. Бул туурасында Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Улукбек Ормонов “Жарандык абалдын актылары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам үчүнчү окууда каралып жатканда билдирди. “Эгерде баланы атасы бакса, акчасын апасы төлөп берсин. Мындай учурлар азыркы тапта көбөйүп жатат. Жалаң эле энелерди айта бербей, аталарды да айтышыбыз керек. Тең…
Бишкекте балдардын рак оорусуна каршы күрөшүүнүн эффективдүү стратегиялары боюнча семинар өттү. Иш-чара биринчи айым Айгүл Жапарованын, КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрүнүн, ДССУнун эл аралык эксперттеринин, ошондой эле балдар онкологиясы тармагындагы алдыңкы адистердин катышуусунда өттү. Иш-чаранын максаты балдардын рак оорусуна каршы күрөшүүдө улуттук жана эл аралык уюмдардын аракеттерин бириктирүү. Балдар онкологиясынын актуалдуу проблемаларын талкуулоо. Рак оорусунан…
Мамлекет бала бакчаларды куруу жана оңдоо үчүн жеңилдетилген насыя берет. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор бюджеттен банктар аркылуу каржыланат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү — 2024-жылдын январынан тартып 60 ай. Насыя ишкердик субъектилерге жана жеке жактарга берилет. Белгиленген пайыздык ставка — 10 пайыз.
Баткенде чек арачыларга бир катар обьектилер курулуп, аны тапшыруу аземине Камчыбек Ташиев катышты. УКМК жаңы ачылган объектилерди тизмектеди 2022 аскер бөлүгүнө бардык шарты менен жаңы штаб жана казарман курулган Аскер кызматкерлерине 32 батирдин ачкычы тапшырылган (былтыр 48 батир берилген). Дагы 60 батирлүү көп кабаттуу үй салынууда. Ташиев аны жыл аягына чейин бүтүрүүнү тапшырган Чек ара…
Быйыл Курман айт 17-июнда белгиленет. Бул күн министрлер кабинетинин токтому менен дем алыш катары бекитилген. Майрам дүйшөмбүгө туура келет. Муну менен кыргызстандыктар үч күн — 15, 16 жана 17-июнь күндөрү эс алышат. Эске салсак, Курман айт Орозо бүткөндөн кийин жетимишинчи күнгө туш келет. Бул күнү мусулмандар курмандык чалып, эттин көбүн кедей-кембагалдарга таратып беришет.
Кыргызстандык окуучулар TASIMO Ташкент эл аралык математикалык олимпиадасында жалпы 7 медаль жеңип алышты. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен төртөө күмүш, үчөө коло медалга ээ болушту. Олимпиадага кыргызстандык окуучуларды математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган. Эске салсак, 17-20-майда TASIMO Ташкент эл аралык I математикалык олимпиадасына 10 өлкөдөн 300дөн ашуун окуучу катышты.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда чек арачыларды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракеси менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат: “Урматтуу чек арачылар жана чек ара кызматынын ардагерлери! Сиздерди бүгүнкү Чек арачылар күнү жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктаймын! Сиздер…
Кыргызстан менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму биргелешип саламаттыкты сактоого инвестиция тартуу жаатында Борбор Азия эл аралык форуму өтүп жатат. Документке 26-майда Женева шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен ДССУнун Европа боюнча регионалдык директору доктор Ханс Клюге кол коюшту.Белгиленгендей, форум 2024-жылдын 26-27-июнунда Бишкек шаарында президент Садыр…