Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу өнөктүгүнүн убактысы узартылды

“Унаа” мекемесинин жетекчисинин орун басары Толубай Жакишев 15-февралга чейин белгиленген чек алынганын билдирди. Ошондой эле ал мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу үчүн 083 формадагы медициналык маалым кат мындан ары талап кылынбай турганын эскертти. Эске салсак, буга чейин мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу 15-февральга чейин белгиленген болчу. Ал эми аны алмаштыруу үчүн 083 формадагы медициналык маалым кат алуу…

Кененирээк

Ошто билим берүү мекемелеринин аймагындагы объекттерге эскертүүлөр берилди

Ош шаарындагы №8 (Горький), №6 Макаренко, №57 Тажиматов атындагы билим берүү мекемелеринин аймагындагы имараттарга Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан 1-мартка чейин мектеп аймагын бошотуу боюнча эскертүү кагаздары берилди. Бул мектептердин баштапкы аймагы кыскарып, жеке менчикке берилип кеткен. Мындан улам мэр Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен билим уяларынын жерлерин кайтаруу иштери жүрүүдө.

Кененирээк

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун үчүнчү этабы башталды

Кыргызстанда жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кышкы кабыл алуу уланууда. Илим министрлигинин маалыматына ылайык, үчүнчү этап бүгүнтөн тарта 21-январга чейин, төртүнчүсү 26-28-январь аралыгында өтөт. ЖОЖдордогу кышкы кабыл алуу жайкы кабыл алуудан кийин бош калган контракттык орундарга студенттерди тандоо жана кабыл алуу максатында жүргүзүлөт.

Кененирээк

Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты башталды

Бишкекте хоккей боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдашты. Алгачкы беттеште Кыргызcтандын командасы Гонконгдон келген атаандаштарын 4:1 эсебинде жеңди. Турнир 24-январга чейин уланат. Ага Мексика, Люксембург, Түштүк Африка, Иран жана Гонконгдун командалары келди.

Кененирээк

Айсулуу Тыныбекова кош бойлуу экенин айтты

Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, Токио жана Париж Олимпиадаларынын байге ээси Айсулуу Тыныбекова кош бойлуу экенин билдирди. Ал жолдошу экөөнүн видеосун жарыялады. Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн Дүйнөнүн үч жолку, Азиянын алты жолку чемпиону. Ал быйыл октябрь айында Кыргызстандын күрөш федерациясынын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенти болуп шайланган. Тыныбекова 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиадага бара турганын билдирген.

Кененирээк

Өлкөдөн сыртта ишмердүүлүк жүргүзгөндөргө салык 10 эсе азайды

Өлкөдөн сыртта ишмердүүлүк жүргүзгөндөргө салык 10 эсе азайды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Кыргызстандан сырта ишмердүүлүк жүргүзгөн салык төлөөчүлөр үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы 1 пайыздан 0,1 пайызга чейин төмөндөтүлдү. Салык кызматы чет өлкөдө ишмердүүлүк жүргүзүүнү пландап жаткандар 1-февралга чейин 0,1 пайыздык салыкка өтүү тууралуу арыз тапшыруусу керектигин кабарлады.

Кененирээк

Үй-бүлөлүк иш чараларда «кийит кийгизүү», «түштөнтүү» сыяктуу салттарга тыюу салынат

Үйлөнүү тоюнда коноктун саны 200дөн ашпашы керек. Минкаб үй-бүлөлүк иш чараларды өткөрүү боюнча жобо даярдады. Документ коомдук талкууга чыгарылып, анда жамандык-жакшылыктарды өткөрүүнү тартипке келтирип, ысырапкерчиликке жол бербөөнү көздөй турганы айтылган. Эске ала турган жагдайлар: Салтанаттар жаштар менен ата-энелердин материалдык мүмкүнчүлүгүнө жараша уюштурулуп, карыз же кредит алууга жол берилбейт. Конокторду 200 адамдан ашырбоо, тойду бир күндө…

Кененирээк

Кыргызстанда февраль айында аба ырайы кандай болот?

Кыргызгидромет кыштын соңку айында абанын орточо температурасы нормадан 1…2° жогору болуп, жаан-чачын аз болорун билдирди. ▪️Чүй облусу — абанын температурасы түнкүсүн -5…-10 градустан 0…+5 градуска чейин, күндүз -2…+3төн +8…+13 градуска чейин жетет. Айрым күндөрү +20 градуска чейин чыгат. ▪️Таласта — түнкүсүн -7…-12ден -3…+2 градуска чейин, күндүз -3…+2ден +7…+12 градуска чейин болот. Айрым күндөрү +20 градуска…

Кененирээк

Айыл чарба министрлиги дыйкан-фермерлерди сууну үнөмдүү пайдаланууга чакырды

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги республикадагы бардык дыйкан-фермерлерге кайрылууда. «Климаттын өзгөрүшү жана жаан-чачындын азайышына байланыштуу, 2026-жылдагы вегетациялык мезгилде суу ресурстарынын тартыштыгы байкалышы мүмкүн. Ушул себептен, сугат суусунун көлөмү чектелүү болуп, айрым аймактарда суунун жетишсиздиги күтүлүүдө.  Министрлик дыйкан-фермерлерди төмөнкүдөй чараларды көбүрөөк колдонууга чакырат:  -сууну үнөмдөөчү технологияларды (тамчылатып жана жамгырлатып…

Кененирээк

Жогорку Кеңеште төраганын биринчи орун басары кызматы киргизилүүдө

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2025-жылдын 24-декабрында кабыл алынган. Бул Мыйзам Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу максатында кабыл алынды. Алсак, кабыл алынган мыйзамда төмөнкүлөр каралган: — КР Жогорку Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары кызматын белгилөө; — Жогорку Кеңештин комитетинин курамына…

Кененирээк