Бишкекте биринчи жолу BITF 2026 эл аралык туристтик көргөзмөсү өтөт

Борбор калаада биринчи жолу эл аралык туризм жана меймандостук көргөзмөсү — Bishkek International Tourism Fair (BITF 2026) өтөт. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмундагы (ШКУ) төрагалыгынын алкагында уюштурулууда.Көргөзмө кызматташтыкты өнүктүрүүгө, Кыргызстандын туристтик потенциалын илгерилетүүгө жана туризм менен меймандостук тармагында жаңы ишкердик мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган. Конокторду эмнелер күтөт: Кыргызстандын 7 облусунун туристтик потенциалы; 139 катышуучу компания,…

Кененирээк

Кыргызстандык уз-чеберлердин эмгеги БУУда коюлду

Уюмдун штаб-квартирасында «Walking with the Earth» («Жер менен шайкештикте») деген көргөзмө өтүп жатат. Ага кол өнөрчүлөрдүн эмгеги тартууланганын иш-чаранын кураторлорунун бири Айбек Байымбетов билдирди. Аталган көргөзмөгө сүрөтчү дизайнер, уз-чебер, этнограф маркум Айдай Асангулованын “Жаңы дем” аттуу эмгеги да көргөзмөгө коюлуп, улуттук көркөм ой жүгүртүүнүн жана салттуу дүйнө таанымдын терең катмарларын ачып берүүдө. Анын чыгармачылык мурасын…

Кененирээк

Мамлекеттик сыйлыктардын жана наамдардын саны кыскартылды

Кыргызстанда мамлекеттик сыйлыктардын жана ардак наамдардын саны 46дан 22ге чейин кыскартылды. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жаңы тизмеде «Эрдик» ордени, «Ардак» медалы, «Кыргыз Республикасынын жаратманы», «Кыргыз Республикасынын сыймыгы» ардак наамдары жана айрым кесиптик ардак наамдар сакталды. Ошол эле учурда мурдагы бир катар сыйлыктар менен наамдар жоюлду. Алардын…

Кененирээк

Оштогу СИЗОну музейге айлантуу сунушталды

Идеяны мамкатчы демилгелеп, аталган мекеме шаар сыртына көчүрүлөрүн, ал эми имаратты музей кылууга калаа мэри каршы эместигин жазды. “Ош шаарынын чок ортосунда СИЗО жайгашкан эски имарат бар. Тарыхый имарат. Алымбек датканын уулу Камчыбек 1890-жылдардын башында кербен сарай катары салдырган. Тагдырдын оюнун караңыз, оторчулар имаратты түрмөгө айлантып, Камчыбек өзү дал ушул жерде түрмөдө отурган. Ал жөнүндө…

Кененирээк

Ошто «Мафия. Миллиондор изи» тасмасынын жабык көрсөтүүсү өттү

2026-жылдын 22-апрелинде Ош шаарындагы «НУР» кинотеатрында MediaHub командасы тарабынан тартылган «Мафия. Миллиондор изи» көркөм тасмасынын жабык көрсөтүүсү өттү. Иш-чарага коомдук жана медиа тармактын өкүлдөрү — белгилүү инсандар, активисттер жана коомдук ишмерлер катышты. Тасма чыныгы окуяларга негизделип, принципиалдуулугу жана кайраттуулугу менен белгилүү журналист Улан Эгизбаевдин элесине арналган. Кино тасма журналисттер тобу жана укук коргоо кызматкери тууралуу…

Кененирээк

Кыргызстанда дүйнөлүк Диснейлендге окшош долбоор курулууда

Талас облусунда «Баластан» маданий-балдардын борбору курулууда. Аны Эгемендүүлүк күнүнө карата бүткөрүү пландалган. Кыргызстанда социалдык жана инфраструктуралык объектилерди куруу боюнча ири иштер жүрүп жатат. Мектептер, ооруканалар, спорттук комплекстер жана ири долбоорлор, анын ичинде «Ырыс Ордо» конгресс-холлу жана «Азаттык Арена» стадиону курулууда. Бул иштер өлкө боюнча инфраструктураны өнүктүрүү жана эл аралык иш-чараларга даярдык көрүү алкагында жүргүзүлүүдө.

Кененирээк

Белгилүү казак акыны Мухтар Шаханов 84 жашында көз жумду

Акын, жазуучу жана коомдук ишмер кыргыз-казак элинин достугун даңазалап келген. Ал 1993-2003-жылдары Кыргызстанда элчи болуп да эмгектенген. Шаханов менен Чыңгыз Айтматовдун ортосунда өзгөчө байланыш болгону айтылып келет.

Кененирээк

«Өч» тасмасы сатыктан, «Кыргызтасманын» жетекчиси кызматтан алынды

Бул тасма мындан ары Кыргызстандын аймагында көрсөтүлбөй турган болду. Ошондой эле «Кыргызтасмасы» киноборбору мамлекеттик мекемесинин директору Тулекеев ээлеген кызматынан бошотулду. Маданият министрлигинин маалыматы боюнча, бул тасманы эксперттик комиссия карап чыкты. Жыйынтыгында анда зомбулук, ырайымсыздык жана коомдук-адептик нормаларга каршы келген көрүнүштөр басымдуу деген чечим кабыл алынган.

Кененирээк

Бишкек шаарында “Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу” улуттук форуму болуп өттү

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан келген чыгармачыл жана илимий интеллигенция өкүлдөрү катышты. Президент Садыр Жапаров дүйнө тездик менен өзгөрүп жаткан маалда илимий жетишкендиктерди маданий мурас менен айкалыштырып, инновациялык багытта иш алып баруу өзгөчө мааниге ээ экендигин кайрылууда билдирген. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров форумдун катышуучуларына кайрылуу жолдогон, аны Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев окуп берди.

Кененирээк

«Кыргыз кымызы» брендин мыйзамсыз колдонгондорго 100 миң сомго чейин айып пул салынышы мүмкүн

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Джумабеков «Кыргыз кымызы» брендин коргоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Долбоорго ылайык, брендди мыйзамсыз колдонгондорго 10 миңден 100 миң сомго чейин айып пул салынат,продукция конфискацияланат жана QR-кодсуз сатылган кымыз да мыйзам бузуу катары каралат. Ошондой эле жаңы ишканалар 3 жылга киреше салыгынан бошотулат жана жабдууларды импорттоодо КНС алынбайт. Максат — «Кыргыз кымызы»…

Кененирээк