Вебкам-студияларын уюштурган Даниэль Ажиев бошотулду

Аны бошотуу чечими жогорку деңгээлде кабыл алынып, президент Садыр Жапаров ырайым кылуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Эске салсак, 2024-жылдын октябрында сот Ажиевди мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыраткан. Ал притон уюштуруу, порнография таратуу, кылмыштуу топ түзүү жана алдамчылык боюнча күнөөлүү деп табылган. Вебкам-тармактын уюштуруучусу 2023-жылы кармалган болчу.

Кененирээк

Кайырчылык кылгандарга катаал жаза сунушталууда

Ички иштер министрлигинин мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралууда. Тажатма тилемчиликтин деңгээлин төмөндөтүү үчүн аларга айып пул салуу, чет жактан келген кайырчыларды мекенине депортациялоо сунушталууда.

Кененирээк

Бишкекте үч реабилитациялык борбордун кызматкерлери камакка алынды

УКМК «Решение», «Идальго» жана «Бишкек-Маяк» аттуу реабилитациялык борборлордун ишин текшерип, мыйзам бузууларды аныктады. Алар бейтаптарды таңып, электрошокер менен кыйнашкан. Ошондой эле борборлордун биринде эки бейтап каза болгону кабарланды. Иликтөөнүн алкагында аталган жайларда жетекчилик кызматты аркалаган жети адам камакка алынды.

Кененирээк

Садыр Жапаров: «Элди экиге бөлүп-жарууга жол бербейм»

Президент Садыр Жапаров коомчулукта айтылып жаткан “түндүк-түштүк бөлүнүүсү күчөшү мүмкүн” деген кооптонууларга жооп берип, өлкөдө аймактык ажырымга жол берилбей турганын билдирди. Ал «Кабар» маалымат агенттигине кезектеги маегин берген. Анын айтымында, мындай бөлүнүүлөрдү саясатчылар жеке кызыкчылыгы үчүн козутуп келген. 2021-жылдан бери аймактар аралык ротация жүргүзүлүп, акимдер менен соттор 100 пайыз алмаштырылган. Бул кадам бөлүнүп-жарылууну азайтууга өбөлгө…

Кененирээк

Кыргызстанда жакынкы убакта тез төлөмдөр системасы ишке киргизилет

Бул тууралуу жолугушууда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Медет Таиров билдирди. Анын айтымында, учурда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн, ылдамдыгын жана коопсуздугун жогорулатуу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Медет Таиров белгилегендей, Кыргызстандагы банк сектору экономиканын ылдам өсүшүнүн шартында туруктуулугун сактап келет. Бүгүнкү күндө өлкөдө 24 коммерциялык банк иш алып барат. Банктардын жалпы…

Кененирээк

Ошто Атабаев жана Төлөнов көчөлөрүндөгү көпүрөлөр оңдолууда

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте “Алымбек датка” муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Атабаев жана Ю.Төлөнов көчөлөрүндө кезектеги таңкы рейд өткөрдү. Рейддин жүрүшүндө аталган көчөлөрдө жайгашкан үч көпүрөнүн демонтаждоо иштери жеринде текшерилип, курулуш процессин ыкчам жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тиешелүү кызматтарга так тапшырмалар берилди. Шаар башчысы иштерди белгиленген мөөнөттө жана коопсуздук талаптарын…

Кененирээк

Окуучулар жазгы каникулда бир күн гана эс алат

Мектеп окуучулары жазгы каникулда бир күн, 6-мартта гана эс алышат. Бирок 7-8-март дем алышка туура келип, ошону менен дүйшөмбүгө чейин окубайт. Мындан тышкары, 1-10-майдагы майрамдар да каникул деп көрсөтүлгөн, бирок анда мектептер, башка мекемелер сыяктуу эле иштебейт.

Кененирээк

Бишкекте Ооган согушунда курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү

Иш-чара гүлчамбар коюу аземи менен башталып, «Жалгыз аялдын үнү» чыгармасынын коштоосунда курман болгон жоокерлер бир мүнөт унчукпай эскерилди. Метроном жаңырып, үч ирет салют атылды. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, коргоо министринин орун басары Алмазбек Кулмурзаев, Россиянын КРдеги элчилигинин коргонуу маселелери боюнча атташеси Игорь Довбня, ооган согушунун ардагерлери жана коомчулук өкүлдөрү катышты. Белгиленгендей, Ооган согушу…

Кененирээк

Ош шаарындагы «Аль Мансур» жана «Абу Бакр» кафелеринин имараттарын бузуу иштери башталды

Буга чейин ашкана ээлерине аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 3 күн мөөнөт коюлган. Белгиленген убакыттын негизинде бүгүнкү күндө объект ээлери өз ыктыяры менен бузуу иштерин колго алышты. Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев эл менен жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундар аталган жайлардын мыйзамдуулугун текшерип берүү өтүнүчүн билдиришкен. Шаар башчысы маселени жеринде тактоо максатында таңкы рейд…

Кененирээк

Нидерландиянын HZPC компаниясы «Агролид» компаниялар тобу менен үрөнчүлүктү өнүктүрүү боюнча кызматташат

Бишкек шаарында «Кыргызстандын үрөнчүлүгүнүн келечеги: сапат, инновация, өнөктөштүк» аттуу форум өттү. Иш-чара өлкөнүн үрөнчүлүк тармагын стратегиялык өнүктүрүүгө арналган. Форумдун жыйынтыгында Кыргызстандын үрөнчүлүк тармагын өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштарды камтыган резолюция кабыл алынды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Нидерландиянын HZPC компаниясы жана «Агролид» компаниялар тобунун ортосунда үрөнчүлүктү өнүктүрүү…

Кененирээк