Бишкектин 2050-жылга чейинки келечеги коомдук талкууга коюлду

Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекитүү боюнча токтом долбоору 23-февралга чейин коомдук талкууга чыгарылды. Документти шаар мэриясы даярдаган. Башкы план шаардагы функционалдык зоналарды жана маанилүү объектилерди аныктап, жаратылыш ресурстарын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу багытын көрсөтөт. Ал өнүктүрүү программаларында, курулуш жана жерди пайдалануу боюнча чечимдерде эске алынат. Долбоордо башкы план жер мунапысынын объектилерине жайылтылбай турганы, ал…

Кененирээк

Үч жылдын ичинде Ысык-Көл облусунда ичүүчү суу маселеси чечилет

Айыл чарба министринин айтымында, көл кылаасы боюнча учурда 72 калктуу пунктунда таза суу көйгөйү толук чечиле элек. Алардын ичинен 15 айыл Ак-Суу районунда жайгашкан. Бакыт Төрөбаев жалпы өлкө боюнча кандай иштер жасалып жатканына токтолуп, 600 айылда таза суу менен камсыздоочу системаларды куруу башталганын айтты.

Кененирээк

Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли төмөндөдү

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов билдирди. Анын айтымында, 2025-жылы расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,4 пайызды түзүп, бул акыркы беш жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч болуп калды. Жумушсуз деп катталгандар 38 миң  100 адамды түзүп, бир жылда 22 пайызга кыскарган. Жалпысынан 17,5 миң жаран ишке орноштурулду.

Кененирээк

Өлкөдө 174 миңге жакын жаран өзүнүн насыя алуусун чектеди

6-февралга чейинки мезгил аралыгында 173 904 адам “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Белгилеп кетсек, бул механизм 2025-жылдын 1-ноябрынан тарта иштеп баштаган. “Өзүнө-өзү тыюу салуу” – бул жаран үчүн каржы-кредиттик уюмдарда анын атына насыяларды жол-жоболоштуруу мүмкүнчүлүгүн алдын ала өз ыктыяры менен чектөөчү акысыз кызмат.

Кененирээк

АКШда кыргызстандык жаран төрт кишинин өлүмүнө айыпталууда

АКШнын Индиана штатында жол кырсыгы катталып, Кыргызстандын жараны Б.Б. кармалды. КР Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстандын АКШдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү окуянын бардык жагдайларын, кармалган жарандын укуктук макамын, ошондой эле ага консулдук-укуктук жардам көрсөтүү маселелерин тактоодо.  Буга чейин АКШда жүк ташуучу унаа айдаган кыргызстандык каршы тилкеге чыгып, натыйжада 4 америкалык жаран каза болгону маалымдалган.

Кененирээк

Араван районунда картошка эгиле баштады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына караганда, аба ырайынын ыңгайлуулугу жана жергиликтүү фермерлердин өз убагында жүргүзгөн агротехникалык иштери бул ишке өбөлгө түздү. Бул жылы эгиле баштаган картошкалар май айында бышып, сатууга даяр болот. 90 сотых жерге картошка айдаган фермер май айында 20 тоннадан ашык түшүм алууну пландоодо. Эгерде картошканын «Ривьера»…

Кененирээк

Рамазан айы 19-февралдан башталат

Кыргызстандын Мусулмандар Дин башкармалыгы Орозо айынын биринчи күнү 19-февральда башталарын жарыялады. «Түрк мамлекеттер уюмунун Фатва кеңешинин чечими менен Кыргызстан мусулмандары үчүн орозо кармоо 19-февральда башталат. Тиешелүү түзүмдөргө бул маалыматты коомчулукка кеңири жеткирүү жана мечиттерде Рамазан айына карата даярдыктарды көрүү тапшырмасы берилди»,-деп айтылат мекеменин маалыматында.

Кененирээк

Ноокенде «Хизбут-Тахрир» уюмунун аялдар канатынын беш мүчөсү кармалды

УКМК “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” экстремисттик уюмунун аялдар канатынын мүчөлөрү кармалганын билдирди. Алар окутабыз, үйрөтөтбүз деген шылтоо менен кыздарды тескери идеяга сугарып келишкен. Лидерлери жабык телеграм-каналдарга активдүү катышып, тыюу салынган адабияттарды таратып, халифат түзүү маселесин талкуулап турушкан. Жашаган жерлерин тинтүү маалында китептер, компьютерлер, флеш-карталар жана уюлдук телефондор табылган. Шектүү катары беш аял кармалып, тергөө абагына камакка…

Кененирээк

КУУда Улуу Ата Мекендик согушка арналган атайын мейкиндик ачылды

Иш-чара Сталинград салгылашуусунун 83 жылдыгына карата уюштурулду. Ачылыш аземинде РФнын КРдагы элчилигинин кеңешчиси Сергей Храмов сөз сүйлөдү. «Сталинград салгылашуусу согуштун бурулуш учурларынын бири болду. Ага чейин жеңишке жетүү мүмкүн эместей сезилген. Бирок бардык Советтик Союздун элдери ийин тирешип, душманга каршы туруп, жалпы мекенди, балдарынын келечегин коргоп, жеңишке жетишти», — деди ал. Храмов Россия, Кыргызстан элинин…

Кененирээк

Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны АКШда кармалды

47 жаштагы Ы.М. аттуу киши мунайзат саткан уюмдун жетекчилерининин бири менен сүйлөшүп алып, 1,5 миң тоннадан ашуун күйүүчү май уурдап, мамлекетке 51,7 млн сомдук зыян келтирген деп шектелип жаткан. 2023-жылы Кыргызстан ИИМи аны Интерпол аркылуу издөөгө алган. АКШнын укук коргоо органдары шектүүнү кармап, азыр экстрадициялоо маселеси каралууда.

Кененирээк