Ош шаарындагы А.Навои сейил багы жаңыланат

Ош шаарындагы А. Навои атындагы сейил багы заманбап талаптарга жооп берген жаңы эс алуу аймагына айланат.Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, сейил бакты жаңылоо иштери шаардын тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталууда. Шаар башчысы реконструкциялоо боюнча даярдалган эскиз долбоор менен таанышып, курулушка даярдык иштеринин жүрүшүн жеринен көрүп…

Кененирээк

Кыргыз асыл тукум заводунда силос даярдоо күч алууда

Мал тоютун (силосту) өндүрүү жолго коюлуп, натыйжалуу жыйынтыктарды берүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги маалымдады. Мамлекеттин колдоосу менен Кыргыз асыл тукум мамлекеттик заводунун чарбасы акыркы жылдары жанданып, өндүрүштүк ишмердүүлүгү кеңейүүдө. Чарбанын базасында машина-трактордук станция түзүлүп, айыл чарба иштерин өз күчү менен жүргүзүү мүмкүнчүлүгү камсыздалды. Натыйжада завод өзүнө тиешелүү…

Кененирээк

Оштогу «Асан-Үсөн» балдар бакчасынын жаңы имараты жакында пайдаланууга берилет

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев А. Масалиев көчөсүндө жайгашкан “Асан-Үсөн” бала бакчасына кошумча курулуп жаткан 100 орундуу имараттын жана жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Шаар башчысы 100 орундуу бала бакчанын курулуш иштерин жеринде көрүп, буга чейин берилген тапшырмалардын аткарылышын текшерди. Мындан тышкары, объектте иш алып барып жаткан куруучулар үчүн чай уюштурулуп, мэр…

Кененирээк

Бишкек кайрадан дүйнөдөгү абасы булганган ири шаарлардын алдыңкы үчтүгүнө кирди

Бишкек кайрадан дүйнөдөгү абасы эң катуу булганган ири шаарлардын алдыңкы үчтүгүнө кирди. Бул тууралуу абанын сапатын эл аралык мониторинг жүргүзгөн уюмдардын маалыматы тастыктайт. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын борбору учурда абанын сапатынын индекси (AQI) боюнча 281 балл менен үчүнчү орунда турат. Бул көрсөткүч «ден соолукка өтө зыяндуу» категориясына туура келет. Антирейтингдин биринчи сабында Пакистандын Лахор шаары жайгашып,…

Кененирээк

Бишкекте лазер жарыгы күйгөн жаңы жол чырак орнотулду

Бишкек шаарында Курманжан Датка жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишине лазер жарыгы күйгөн жаңы жол чырак орнотулду. Бул жол чыракты алгачкы жолу “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасы өз күчү менен иштеп чыгып, даярдады. Мындай жарык аба ырайы ыңгайсыз болгон учурда, туман каптаганда же жаан-чачын болгондо жөө жүргүнчүлөрдүн айдоочуларга жакшыраак көрүнүшүнө жардам берет. Бул жол кырсыктарынын алдын алууга…

Кененирээк

Курулуш министрлиги «Алтай» шаарчасынын курулушу тууралуу түшүндүрмө берди

Курулуш министрлиги Бишкектин жанында түшүп жаткан Алтай турак жай шаарчасынын курулушу туурасында маалымат таратты.Эске салсак, интернет айдыңына тараган видеодо жерпай үчүн казылган жерлерге суу толуп калганы көрсөтүлүп, коомчулукта тынчсыздануу жаралууда. Ал эми Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматов социалдык тармакка бул курулуш Илимдер академиясынын Сейсмология институту менен макулдашылбагандыгын жазган. Буга жооп кылган министрлик аталган объект…

Кененирээк

Ошто жаңы күнөскананын курулуш иштери аяктоодо

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев “Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасына караштуу жаңы күнөскананын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Белгилей кетсек, шаар башчысынын тапшырмасынын негизинде күнөскананын курулушуна керектелген материалдар Түштүк Кореядан алынып келинген. Жаңы күнөскана заман талабына ылайык акыркы технологиялар менен жабдылып, гүлдөрдү сугаруу, жылытуу жана…

Кененирээк

Чолпон-Атада саркынды сууларды тазалоочу станциялар курулууда

Станциялар былтыркы жылдын июль айында курула баштаган. Долбоорду жергиликтүү жана кытайлык компаниялар биргеликте ишке ашырууда. Системанын кубаттуулугу суткасына 14 миң кубометрден ашык агын сууну тазалоого жетет. Аны 2027-жылдын аягына чейин ишке киргизүү пландалган. Станциялар ишке берилгенден кийин Чолпон-Ата шаары, Бостери, Бактуу-Долоноту жана Кара-Ой айылдары борбордук канализацияга толук туташат. Учурда Чолпон-Атанын 30-40% гана канализация тутумуна кошулган.

Кененирээк

Кыргызстанда «Почта Банкын» түзүү пландалууда

Республиканын банк секторунда жаңы катышуучу — «Почта Банкы» пайда болушу күтүлүүдө. Улуттук банк коммерциялык мекемени каттоо боюнча документтерди кароого киришти. Долбоордун негизги өзгөчөлүгү кардарларды тейлөө үчүн «Кыргыз почтасынын» бөлүмдөрүн агенттик тармак катары колдонуу болуп саналат. Бул өлкө боюнча банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат. Уюмдун иши Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында жана Улуттук банктын катуу көзөмөлү…

Кененирээк

Ички иштер министрлиги жаңы жылдык эс алуу убагында батир уурулугунан сак болууга чакырат

Жаңы жылдык эс алуу мезгилинде көптөгөн жарандар шаардан же өлкөдөн чыгып кеткендиктен, батир уурулук кылмыштарынын коркунучу жогорулайт. Бул тууралуу ИИМ билдирди. Кылмышкерлер көбүнчө турак жай ээлеринин узак убакытка жоктугунан пайдаланышат. Батир уурулугунун алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарга төмөнкү коопсуздук чараларын сактоону сунуштайт:

Кененирээк