Улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бир тууганы, коомдук ишмер Роза Айтматова коомчулукка кайрылып, соңку убакта интернет мейкиндигинде айтылып жаткан ушак-айыңдарга тынчсыздануусун билдирди.
Анын айтымында, маркум жазуучунун атын саясий жана коомдук талаш-тартыштарга аралаштырбоо керек. Ушуга байланыштуу Роза Айтматова Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесин өткөрбөй эле коюуну өкмөткө сунуштап, майрамга бөлүнө турган каражаттарды элдин социалдык абалын жакшыртууга жумшоону туура көрөрүн айтты.
Ал муну улуу жазуучуга болгон чыныгы сый-урмат жана эң туура эстелик болот деп белгиледи.
