Кыргызстанда үстүбүздөгү жылы 25 391 жумуш орду түзүлдү

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылы Эмгек министрлигинин көмөгү менен 25 391 жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Алардын ичинен: ▪️социалдык келишим программасы боюнча — 13 миң 964; ▪️коомдук акы төлөнүүчү жумуштарды уюштуруунун алкагында — 10 миң 716; ▪️жеке ассистенттик кызмат көрсөтүү боюнча — 711. 2025-жылы социалдык келишимдин суммасы 150 миң сомду түздү (мурда 100 миң болчу)….

Кененирээк

Раззаков өлкөнүн эң таза шаары болуп табылды

Сынакты Жаратылыш ресурстары министрлиги уюштурган. Жеңүүчү шаардын мэрине министр Медер Машиев таштандыларды ылгаган техника тапшырды. Ал эми Ат-Башынын Ак-Муз айылы эң таза айыл аймагы деп табылып, Шумкар маркасындагы автоунаа берилди.

Кененирээк

Кыргызстандын Катардагы элчиси кызматтан кетти

Марат Нуралиев Кыргызстандын Катардагы элчисинин кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. 46 жаштагы Марат Нуралиев 2023-жылдын декабрында Катардагы Кыргызстандын элчисинин кызматына дайындалган. Ал ага чейин Эмгек, миграция, жаштар саясаты министринин орун басары болуп эмгектенген.

Кененирээк

Президент: Элдик курултайдын 71 делегаты мени алдаптыр

Президент Садыр Жапаров Элдик Курултайдын экинчи күнү – 26-декабрда делегаттардын суроолоруна жооп бергенин, анда делегаттардын бири тарабынан шайлоого байланыштуу суроо берилгенин айтты. Ал залга кайрылып, делегаттардын кимиси акыркы шайлоого барганын сурап, баргандары колун көтөрүүсүн өтүнгөн. Анда баары толук кол көтөрүшкөнү түз эфирде да көрсөтүлдү. Президент делегаттардын 71и ага калп айтканын билдирди. «Мени таң калтырганы жана…

Кененирээк

IV Элдик курултай жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган IV Элдик курултайдын жүрүшүндө 150 делегат жарыш сөзгө чыгып сүйлөдү. Бул тууралуу IV Элдик курултайдын Улуттук кеңешинин төрагасы Мамбеткерим Чекиров билдирди. Анын айтымында, делегаттар тарабынан айтылган сунуштар, ой-пикирлер жана жазуу жүзүндөгү кайрылуулар негизинде курултайдын резолюциясы кабыл алынды. Резолюцияда президенттин кайрылуусу, өлкөнүн өнүгүү багыттары боюнча сунуштар эске алынып, министрлер кабинети тарабынан тиешелүү иш-чаралар…

Кененирээк

Садыр Жапаров: «2035-жылга карата акыркы 30 жылда топтолгон карызды толугу менен төлөп бүтөбүз»

2035-жылга карата акыркы 30 жылда топтолгон карызды толугу менен төлөп бүтөбүз. Бул тууралуу Бишкекте IV Элдик курултайда делегаттардын суроолоруна жооп берип жатып президент Садыр Жапаров билдирди. Өлкө башчынын айтымында, 2030-жылдан тартып сырткы карыздын көлөмү азая баштайт. Ал эми 2035-жылы карыздан толук кутулууга жол ачылат. Ушул жылдын сентябрь айындагы маалымат боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карызы 732 млрд…

Кененирээк

Кыргызстанда сотторду эрте пенсияга чыгаруу сунушталды

Кыргызстанда судьяларды мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууга мүмкүнчүлүк берүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун президент администрациясы иштеп чыкты. Ага ылайык, судьялык иш тажрыйбасы 20 жылдан кем эмес болгон учурда, пенсия курагына жете электигине карабастан, ардактуу эс алууга чыгууга уруксат берилет. Документте соттордун психофизиологиялык жүгү оор, курактык өзгөрүүлөр менен топтолгон стресс ишти тез жана сапаттуу кароо жөндөмүнө терс таасирин…

Кененирээк

“Манас” аэропортунда каттамдар жанданды.

Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Учурда көрүү аралыгы 3 миң метрди түзүүдө. Эске салсак, акыркы күндөрү “Манас” аэропортунда коюу тумандан улам учактар учуп-коно албай, каттамдар Ысык-Көлдөгү, Алматыдагы, Ташкенттеги жана Оштогу башка аба майдандарга багытталып жаткан.

Кененирээк

«Түндүк» тиркемеси аркылуу 100 миңге жакын жаран өзүнө-өзү насыя алууга тыюу салды

“Түндүк” тиркемеси аркылуу өзүнө-өзү насыя алууга тыюу салгандардын саны 100 миңге чукулдады. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Эске салсак, механизм 1-ноябрда ишке кирген. Анын башкы максаты — алдамчылардан коргоо болуп эсептелет. Кызмат акысыз, ыктыярдуу жана жарандарга өзүнүн атына насыя каттоого мүмкүнчүлүктү бөгөттөп коюу укугун берет. Тыюуну алып салуу дагы “Түндүк” тиркемеси аркылуу жүргүзүлөт.

Кененирээк

Өлкөдө бир жылда 1 545 чакырым жол асфальтталды

2025-жылдын башынан бери Кыргызстанда 1 545 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев билдирди. Анын айтымында, мындан тышкары бир катар жол тилкелеринде асфальттоого чейинки ири жер иштери аткарылып, алар кийинки жылы асфальт басууга толук даярдалды. Министрликтин баштапкы планы болжол менен 1 миң чакырым жолду асфальттоо болгон. Жол куруучулардын…

Кененирээк