Туу боюнча мыйзам качан ишке ашаары айтылды

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” мыйзам “Эркин-Тоо” гезитине алдыдагы шейшемби күнү жарыяланат. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Айтымында, Министрлер кабинети мамлекеттик туунун техникалык өзгөчөлүктөрүн өз токтому менен бекитиши керек.Ошонун негизинде анан жаңы желек жасалып, имараттардагы туулар алмаштырылат.Аскат Алагөзов Президент Садыр Жапаров азыркы мамлекеттик желекке аяр мамиле жасоо тапшырмасын бергенин айтат.«Бул талап…

Кененирээк

Кыргызстанда вирустук гепатит күч алды

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда вирустук гепатит көп катталууда. Көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 2,6 эсеге көбөйгөндүгүн Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди. Ведомствонун берген маалыматына караганда оорунун жогорку деңгээли Баткен (283,9), Ош (157,8), Жалал-Абад (126,8) облустарында жана Ош шаарында (99,6) байкалып, республикалык көрсөткүчтөн 3 эсеге, 1,7 эсеге жана 35,2%га көп болгон. Вирустук гепатит тууралуу маалымат алуу үчүн №12…

Кененирээк

Эл өкүлү Примов Т.Отунчиев мектеп-гимназиясына компьютерлерди белек кылды

Депутат Улан Примов өзү билим алган Алай районунун Гүлчө айылындагы Т.Отунчиев атындагы мектеп-гимназиясына 10 заманбап үлгүдөгү компьютер жана ошондой интерактивдүү доска белек кылды. Билим уясына эл өкүлү декабрь айынын башында Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында келип, бир катар кемчиликтер жана техникалык жетишсиздик тууралуу маалымат алган болчу. Ошондой эле маселени тез арада чечип берүүнү колго…

Кененирээк

Энергетиктердин кесиптик майрамы белгиленди

Бүгүн Кыргызстанда энергетиктер кесиптик майрамын белгилешти. Буга карата Энергетика министрлигинде атайын иш-чара уюштурулуп, ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, энергетика министри Таалайбек Ибраев, ЖК депутаттары, бир катар министрлер, КРнын Аялдар конгресси жана энергетика тармагынын ардагерлери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров энергетика тармагындагы реформаларга жана алдыдагы жасала турган конкреттүү пландарга токтолду. Муну менен…

Кененирээк

Баткенде вакциналарды сактоочу кампа ачылды

Баткен райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөл борборунда вакциналарды сактоочу кампа ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.Имараттын ачылуусуна Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Курулуш Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун аркасында бүткөрүлдү.

Кененирээк

Жогорку соттун төрагасы: 32 жылда алгачкы жолу кызматтык унаалуу болдук

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине жаңы 47 кызматтык автоунаа тапшырылды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага өкмөт башчы Акылбек Жапаров жана Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков катышты.«Бүгүн сот тутумунун тарыхындагы эң маанилүү күндөрдүн бири деп айтсам жаңылышпайм. Анткени эгемендүү өлкөбүздүн 32 жылдык тарыхында биринчи жолу республикалык бюджеттен сот аткаруучуларга 47…

Кененирээк

2024-жылы пенсия канча пайызга көбөйөөрү айтылды

Келерки жылы пенсия дагы жогорулайт. Ал үчүн 970 млн сом каралган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди. Айтымында, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7%га көтөрүү пландаштырылууда. “2024-жылдын 6 айынын жыйынтыгында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсүн карайбыз, эгер алар көбөйсө, пайыздын санын жогорулатабыз”, — деп кошумчалады ал.

Кененирээк

Бишкекте тишин дарылатканы барган 3 жашар кыз чарчап калды. Териштирүү жүрүүдө

Бишкекте тиш дарылоочу борборлордун биринде үч жашар кыз чарчап калган. Ага байланыштуу, 21-декабрда атайын комиссия түзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, клиника убактылуу жабылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Наристенин чарчап калгандыгы тууралуу, адвокат Канат Хасанов 21-декабрда өзүнүн facebook баракчасынан түз эфирде айткандан кийин билинип, талкууга түштү. Видеодо наристенин чоң энеси, атасы сүйлөгөн. Алар наристенин өлүмүнө…

Кененирээк

Мамлекеттик кызматкер болсоңуз милдеттүү түрдө чек талап кыласыз

Өлкөбүздө мамлекеттик кызматкерлер соода кылганда чек талап кылууга милдеттендирилди. Мындай маалыматты министрлер кабинетти тастыктады. Маалыматка ылайык мамлекеттик кызматкерлер, айына сатып алуудан берилген 10 миң, жетекчилер 15 миң сомдон кем эмес суммадагы чектерди жыйнашы керек.Айдын аягында ККМ чектери Салык кызматына тапшырылат. Бул көмүскө экономика менен күрөшүү, салык тартибин сактоо жана экономика жаатындагы ачыктыкты түзүү максатында ишке…

Кененирээк

Бүгүн Бишкекте президенттик балаты өтөт

Бүгүн Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда жаңы жылдык президенттик балаты өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.Президенттик балатыга республиканын бардык аймагынан 650 гө жакын бала катышат. Жаңы жылдык балаты Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлөт.

Кененирээк