Жол кыймылынын эрежесин бузгандар жазаланды
4 коомдук транспорттун айдоочусу иштен алынды. «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында иш алып барууда. Алсак, ишкананын ички комиссиясынын чечиминин негизинде жол эрежесин одоно бузган коомдук транспорттун 4 айдоочусу жумуштан четтетилип, 2 айдоочу 50% сый акысынан, 8 айдоочу 100% сый акысынан ажыратылды. Белгилей кетсек, ички комиссиянын жыйыны жума…

