«Үй-бүлөлүк жайкы көз ирмемдер» аттуу креативдүү фестиваль өттү

Ош шаарындагы Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында «Үй-бүлөлүк жайкы көз ирмемдер» аталышындагы креативдүү фестиваль өткөрүлдү.Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара мэриянын колдоосу менен уюштурулду. Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров жана шаар тургундары катышты.Ошондой эле сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, келгендерге сүрөтчүлөр тарабынан мастер-класстар көрсөтүлдүБелгилей кетсек, фестиваль үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрүнүн биргелешкен активдүү эс алуусун уюштуруу жана жайылтуу максатында өткөрүлдү.

Кененирээк

Жайкы XVII Паралимпиада оюндарына Кыргызстандан 4 спортчу барат

Тизме Париж шаарында өтө турган жайкы XVII Паралимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан төрт спортчу барат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка караганда, оюндар 28-августта башталып, 8-сентябрга чейин уланат. Парадзюдо боюнча өлкө атынан Маматибраим Суранов 73 килограммга чейинки салмакта катышат.Пара пауэрлифтинг боюнча Миргүл Боталиева барат.Паратриатлон боюнча Айтунук Жоомарт кызы катышса, пара жеңил атлетика боюнча…

Кененирээк

Адам өмүрүнө кол салган жаран кармалды

Чүй облусунун Кемин районунда пикир келишпестиктен улам, мылтык менен бир жаранды аткан шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн 16-августта Чүй ОИИББнын маалымат кызматы билдирди. Маалымдагандай К.П. жана К.К. аттуу Кемин тургундарынын ортосунда пикир келишпестик жаралган. Андан сон, К.К. калибр үлгүсүндөгү мылтык менен К. Пны атып, окуя болгон жерден качып кеткен. Милиция жаракат алган жаран учурда ооруканада…

Кененирээк

Кыргызстандык 25 өспүрүм күрөш боюнча дүйнө чемпионатына барат

Спорттук күрөш боюнча өспүрүмдөр (U-17) курама командасы дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.Маалыматка ылайык, чемпионат Амман шаарында (Иордания) 19-августтан 25-августка чейин болот. Ага Кыргызстандын грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөлөрү барат.

Кененирээк