Криштиану Роналдунун ютуп каналы рекорттук чекке жетти

Интернет айдыңында атактуу спортчу, футбол жылдызы Криштиану Роналдунун ютуп каналы ачылып рекорттук деңгээлге жетти. Анын ютуп каналына бир күндүн ичинде миллион катталуучуга жеткен. Каналдагы алгачкы киргизген видео кыска убакыттын ичинеде 23 миллион көрүүчү топтогон. Yotube платформасы миллион катталуучуга кнопка жөнөткөн, ал жеткичекти дагы 10 миллион катталуучуга жеткен. Азыркы тапта, анын Yotube каналы 31миллион катталуучу менен…

Кененирээк

Эми банктар комиссиясыз иштеши мүмкүн

Улуттук банк коммерциялык банктарга интернет-банкинг жана мобилдик тиркемелер аркылуу акча которуу үчүн комиссиялык акы алууга тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу токтом долбоору Улуттук банктын сайтына жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жарыяланды.Мисалы, банктар арасында Элкарт картасын колдонуу менен өлкө ичинде которуулар үчүн комиссиялар 0 сомдон 150 сомго чейин , улуттук валютадагы VISA…

Кененирээк

Ош аэропортунда акча алып чыгууга аракет кылган жаран кармалды

Ош шаарында жергиликтүү тургун чет элдик валютаны мыйзамсыз ташып чыгууга аракет кылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.Атайын кызмат тарабынан чет өлкө валютасын мыйзамсыз алып чыгууга каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында «Ош» аэропортунан Кыргызстандын жараны 1999-жылы туулган Х.А кармалды. Ал Кыргызстандан Россияга 9 миллион 835 405 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып кетүүгө аракет кылган….

Кененирээк

Кыргызстандагы 5 банк жоюлат

Кыргызстандагы 5 банкты жоюу иштери жүрүп жатат. Булмаалыматты Улуттук банк билдирди.Ликвидациялана турган банктардын тизмеси:«АзияУниверсалБанк» ААК«Инвестбанк «Ысык-Көл» ААК«Манас Банк» ЖАК«Ак Банк» ААК жанаПакистан Улуттук банкынын Бишкек филиалы.

Кененирээк

Үй алам деген жарандарга жакшы жаңылык

Ош шаарында 7-10 жылдык мөөнөткө бөлүп төлөө менен өз баасында үй алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Ош мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы ипотекалык жана үлүштүк курулуш шартында элди турак жай менен камсыз кылуу багытында 2024-2027-жылга чейин «Жеткиликтүү турак жай» программасын ишке ашыруу концепциясын иштеп чыкканын белгиленди. Үлүштүк программа жарандарга жөнөкөйлөштүрүлгөн шартта өз…

Кененирээк

Бириккен Араб Эмираты Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн тааныйт

2024-жылдын аягына чейин Кыргызстан менен БАЭ айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу боюнча меморандумга кол коюшат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.Кыргызстандын элчиси Бириккен Араб Эмирлигнин тышкы иштер министри менен жолугушту.Натыйжада, эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан берилген айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу боюнча меморандумга кол коюга макулдашылды.

Кененирээк

Экология министрлиги Ысык-Көлдөгү аттракциондордун ээлерине айып салды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлминистрлигинин Ысык-Көлдөгү башкармалыгы облустун аймагындагыаттракциондорго контролдук текшерүү жүргүздү.Экология министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүүнүнжыйынтыгында мурда берилген эскертүүлөр аткарылбаганы үчүн жалпы 39 000сом өлчөмүндө административдик айып салынды

Кененирээк

Бишкек-Ош унаа жолунда кырсык катталды

Бишкек-Ош унаа жолунун Кара-Көл шаарына караштуу тилкесинде жол кырсыгы катталды.Маалыматка ылайык, кырсык Бишкек-Ош унаа жолунун 389-чакырымында катталган. Анда таштанды тазалоочу экскаватор менен жеңил унаа кагышкан. Такталган маалыматтарга караганда, кырсыктан жабыркаган жарандар жок.

Кененирээк

«Оскар» сыйлыгына талапкер тасма аныкталат

Бүгүн, 23-августта саат 10:00дө Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө абройлуу «Оскар» сыйлыгына «Чет тилдеги эң мыкты тасма» номинациясы боюнча ат салышып, Кыргызстандын атынан катыша турган тасма жарыяланат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, бул күнү кыргыздын таланттуу кинорежиссерлору жараткан тасмалардын кайсынысы маданиятыбызды дүйнөлүк аренада таанытууга мүмкүнчүлүк алары белгилүү болот.

Кененирээк