Унаадан өрт чыкты

Бүгүн, 24-август күнү Бишкек шаарынын, Биринчи Май районуна караштуу, Профсоюзный көчөсүндө унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 12:10до Ленин райондук №6 ӨКБдан 1 , саат 12:22де Биринчи райондук №8 ӨКБдан 1 , 12:36да Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 жалпы 3 күжүрмөн эсеп 1 суу ташуучу унаа жана штаб тартылды.

Кененирээк

Баткен облусундажер титирөө катталды

Бүгүн, 24-августка караган түнү Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул туралуу Сейсмология институтунан билдиришти. Маалыматка ылайык, түнкү саат 2:32де жер силкинип, анын күчү дээрлик 5 баллга жеткен. Жер титирөөнүн очогу Кан айылынан 25 чакырым түштүк-чыгышта, Сары-Талаа айылынан 26 чакырым түштүк -чыгышта, Жоо-Пая айылынан 30 чакырым түштүк — чыгышта, Карамык айылынан 46 чакырым түндүк-батышта, Баткен…

Кененирээк

Эң аз маянаны саламаттыкты сактоо тармагында иштегендер алат

Кыргызстанда эң көп маяна 63 миң 396 сом, муну маалымат жана байланыш тармагында иштеген жарандар алышат. Андан кийинки орунда 62 миң 935 сом финансы жана камсыздандыруу жаатындагы эмгекчилер жана кен казуучу компаниянын кызматкерлери (63 762) сом турат.Эң аз маяна саламаттыкты сактоо тармагында иштегендердики 21 миң жана тейлөө тармагында эмгектенген жарандарга 24 миң сом берилет.

Кененирээк

Дүйнө чемпионатында эки балбан финалга чыкты

Кыргызстандын эркин күрөшү боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөлөрү Курсантбек Исаков менен Рустамжан Кахаров Иордания Амман шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын финалына чыгышты. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Курсантбек Исаков 55 кг чейинки салмак категориясында катышууда. Ал алгач япониялык, андан кийин казакстандык балбанды жеңип, финалга чыгуу үчүн америкалык Киану Диллард 10:2 эсебинде утупуп, финалга чыкты….

Кененирээк