Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылы Өзбекстанда өтөт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылы Өзбекстанда өтөт. Бул тууралуу 2024-жылдын сентябрь айында Астанада өтө турган оюндарга улуттук курама команданы даярдоо боюнча жыйында белгилүү болду. Буга чейин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтө турганы айтылган. Эске салсак, оюндар үч ирет Кыргызстанда, төртүнчүсү Түркияда өткөн. Эми бешинчиси сентябрь айында Казакстанда болот.

Кененирээк

Ош шаарындагы энелер медалдар менен сыйланды

Ош шаарында көп балалуу аялдарга «Баатыр эне», «Эне даңкы» сыйлыгы ыйгарылды. Бул тууралуу мэрия билдирди. 15 аял «Баатыр эне» болушса, 11и «Эне даңкы» медалын алышты.“Баатыр эне” наамы жети жана андан көп бала төрөгөн, балдарга бардык жактан татыктуу тарбия берген энелерге ыйгарылат. Ал эми «Эне даңкы» медалы менен алты бала төрөгөн жана аларды татыктуу тарбиялаган Кыргыз…

Кененирээк

Улуттук банк акча алмаштырган жайларга айып пул салды пул салды

Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөн эки жаранга айып салынды. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди. Ошондой эле, Баткен облусунда мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузган эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 миң сомдон айып пул салынган. Бул чаралар валюталык операцияларга көзөмөлдү күчөтүүгө жана каржы тармагындагы…

Кененирээк

Жалал-Абадда кыш өндүрүүчү компанияларга 1 млн сом айып салынды

Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.  Маалыматка ылайык, Мамкурулуш агенттигине караштуу Жалал- Абад регионалдык мамлекеттик-архитектура курулуш контролдоо башкармалыгы кыш өндүрүүчү компанияларга пландан тышкары текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында ченемдик укуктук актылардын бузулган фактылары аныкталды.Аталган фактылар боюнча жазма буйруктар берилип КР Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 144-беренсинин 1-пунктуна ылайык ар бир кыш өндүрүүчү заводго…

Кененирээк

Бишкекте жылдан-жылга таштанды көбөйүүдө

Бишкекте 7 айда 156 миң 290 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу муниципалитеттен маалымдашты.Маалыматка караганда, 2022-жылга салыштырмалуу 50 271 тоннага жана 2023-жылга салыштырмалуу 38 589 тоннага көбөйгөн.Белгилей кетсек, бул көйгөйдү чечүү үчүн атайын жабдууларды алуу боюнча келишимдер түзүлгөн. Участокторду толук камтуу үчүн зарыл болгон таштанды ташуучу унаалардын келиши жакынкы аралыкта пландалууда.

Кененирээк

Баткен облусунда жер титирөө катталды

Бүгүн, 28-августта саат 5:21де жер силкинип, анын күчү 3,5 баллга жеткен. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жер титирөөнүн очогу Кан айылынан 30 чакырым түштүк-чыгышта, Кара-Тейит айылынан 40 чакырым түндүк-батышта, Карамык айылынан 45 чакырым түндүк-батышта, Баткен шаарынан 60 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү сезилген жок

Кененирээк