Ош шаарында өрт чыкты

Бүгүн, 26-августта Ош шаарынын Кыргыз көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады. Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 6 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылды.Өрт саат 13:40та чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кененирээк

Келечек ээлери болгон жаш жеткинчектерибизге мектеп формалары, окуу куралдары белекке берилди

Бул жолку иш сапарынын алкагагында Жогорку Кенештин депутаты Улан Примов Алай, Чоң-Алай жана Кара-Кулжа районундагы орто мектептин  окуучулары менен таанышып, ата-энелери менен жолукту. Эл өкүлү Улан Примов балдардын абалын сурап,   алардын муктаждыктарын толуктап жардам берүүгө даяр экенин баса белгилеп, ошону менен катар мектеп окуучуларын 2024-2025-жаңы окуу жылы менен куттуктап, ийгиликтерди каалап өттү. Иш чаранын жүрүшүндө…

Кененирээк

Мөмө-жемишти сактай турган логистикалык кампа курулду

Аксыда 500 тонна мөмө-жемишти сактай турган логистикалык кампа курулду. Айыл чарба министрлиги курулушка 22 млн сом сарпталганын маалымдап, ишкана сезон учурунда 10дон ашык кишини жумуш менен камсыз кыларын билдирди. Ушул эле райондун Жер-Тал айылында мөмө-жемиштин кагын кайра иштеткен логистикалык борбор салынып, ал сентябрда ишке берилери кошумчаланды. Ишкана сезон учурунда 25ден ашык кишини иш менен камсыз…

Кененирээк

Бишкекте 29 млн сомго гүлбак курулууда

Бишкек шаарына жаңы кошулган Новопавловка айылында гүлбак салынууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.Гүлбак Фрунзе көчөсүндө жайгашат, ал 29 млн сомго курулууда. Курулуш иштерин «Орбитал Строй» компаниясы жүргүзүүдө. Анын аянты дээрлик 11 миң чарчы метрди түзөт.Гүлбактын курулушун күзүндө бүткөрүү пландалууда.

Кененирээк

Жаш балбан Өмүрбек Асан уулу дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык балбан Өмүрбек Асан уулу Иорданиянын Амман шаарында аяктаган күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатында алтын медал тагынды.Асан уулу эркин күрөш боюнча 60 килограмм салмакка чейинкилер арасында күч сынашты. Бул чемпионатта Өмүрбек жалпы 4 атаандашын жеңдиФиналда азербайжандык Хусейн Исмаиловду 5:1 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону аталды.

Кененирээк

“Бейиш-эненин таманында” тасмасы “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлдү

Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө “Оскар” сыйлыгына “чет тилдеги эң мыкты тасма” номинациясына өлкөнүн атынан катыша турган тасма тандалып алынды. Ал режиссёр Руслан Акунга таандык “Бейиш-эненин таманында” аттуу кино болду.“Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи 2025-жылдын 2-мартында Лос-Анжелисте өтөт.

Кененирээк