Чүйдө 470 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Жайыл районунда 470 млн сомдук жер тилке мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Чүй облусунун Жайыл районундагы мурда “Буудай” ААКка тиешелүү болгон 31,5 га жер тилкеси төмөндөтүлгөн нарк боюнча чыгарылгандыгы аныкталган. Мындан улам, 2024-жылдын 14-августунда жүргүзүлгөн…

Кененирээк

Mbank Орусиядан акча которууну токтотту

Мбанк Кыргызстан банкы 16-августтан тартып, Орусиянын банктары менен акча которуу кызматташтыгын убактылуу токтотту. Кызматташтык токтогон банктардын катарында Орусиянын Сбербанк, Тинькофф жана МТС банктары да бар. МБанктын сайтындагы маалыматка караганда, акча которуу кызматташтыгы качан жанданары белгисиз. Орусиядан акчаны санкция салынбаган банктар аркылуу которууга болот.Андан тышкары, Mbankта 20-августка чейин түнкү саат 1ден 5ке чейин техникалык иштер жүрүп,…

Кененирээк

Кыргызстан картошканын 83% Өзбекстанга эспорттогон

Кыргызстан быйыл картошканын экспортун дээрлик эки эсе көбөйттү. Статистика комитетинин маалыматы боюнча, быйыл январь-июнь айларында Кыргызстан чет жакка 32 миң тоннадан ашык картошка саткан. Былтыр 6 айда экспорт 16,6 миң тонна болгон.Кыргызстан картошканы Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Кытай жана Россияга сатууда. Алардын ичинен картошка эң көп 83% Өзбекстанга экспорттолгон. Быйыл жарым жылда 26 миң 585,1 тонна…

Кененирээк

Маймыл чечек оорусун жугузуудан сак болуңуз

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда маймыл чечек оорусу катталган жок жана бул оору боюнча өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Африканын айрым аймактарында адамдан адамга жугуучу маймыл чечек оорусу кескин өсүүдө. Жыл башынан бери ооругандардын саны 15 600 адамды түзгөндүгү айтылууда. Андан тышкары, үстүбүздөгү жылдын 16-августунда Африкадан тышкары, Швеция менен Пакистан өлкөлөрүндө дагы…

Кененирээк

136 миллион сомго курулган мектеп пайдаланууга берилет

Окуу жылынын башталышы менен Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында 620 орундуу мектеп пайдаланууга берилет Билим берүү мекемесин салууга мамлекет 136 миллион сом бөлгөн. Мектеп үч кабаттуу, окуу корпусу жер төлөсү менен, спорт зал, жыйындар залы, ашканасы бар. Жалпы аянты 4 160 чарчы метрди түзөт.

Кененирээк