Айтургандын өлүмү боюнча анын күйөөсү кармалды
25 жаштагы Маматкулова Айтургандын өлүмүнө шектүү адам кармалганын 31-августта Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.Ал маркумдун күйөөсү болуп чыкты. Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси «Өзүн-өзү өлтүрүүгө чакыруу» менен шектелип, «тергөө учурунда чогултулган жана аныкталган фактылык маалыматтардын негизинде» кармалган.Айтурган 2024-жылы 7-июлда Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болгон. Ал оор абалда медициналык мекемеге жеткирилген. Дарыгердин баштапкы корутундусунда…

