Садыр Жапаров: Кыргызстан адилеттүү көп уюлдуу дүйнөнү курууга даяр
Президент Бишкектеги ШКУ+ жыйынында дүйнөдө өлкөлөр ортосунда айырмачылыктар ар дайым болорун, бирок адилеттүү дүйнөлүк тартип бардык мамлекеттердин бирдей ой жүгүртүүсүн талап кылбай турганын айтты. «Ал башка нерсени, бири-бирибиздин тандообузду сыйлоону, алган милдеттенмелерди аткарууну жана эң оор мезгилде да диалогду токтотпоону талап кылат. Бишкектеги жолугушуубуз ири мамлекеттер өз мүмкүнчүлүктөрүн жоопкерчилик менен пайдаланган, ал эми чакан өлкөлөр…


