Кыргызстанда балдарды чет өлкөгө диний билим алууга жиберүүгө айып пул киргизүү сунушталууда

Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кенешке киргизилди. Документке ылайык, 18 жашка чейинки жарандардын диний билим алуу максатында өлкөдөн чыгышына толук тыюу салуу каралууда. Ошондой эле мындай сапарга шарт түзгөн ата-энелер жана башка адамдар жоопкерчиликке тартылат. Айып пулдар: жеке жактар үчүн — 6 600 сом юридикалык жактар үчүн — 20 000 сом Өзгөртүүлөр бир катар мыйзамдарга, анын…

Кененирээк

1-апрелден тарта автоунааларды кайра каттоо «Түндүк» аркылуу онлайн жүргүзүлөт

Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Ош шаарындагы унааларды каттоо борборунун ишин көрүп жатып айтты. Анын айтымында, унааларды алып-сатууну онлайн жүргүзүүгө болот. Ошондой эле ал мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү жыл соңуна чейин алмаштырууга болорун, бул кызмат да аралыктан жеткиликтүү экенин кошумчалады. Мындан тышкары, документтерди жана номерди үйүнө жеткирүү кызматы ишке кирет.

Кененирээк

Россия Айтматовдун 100 жылдыгын жана Толстойдун 200 жылдыгын чогуу өткөрүүнү сунуштады

Садыр Жапаров Россия Президентинин Эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл 2028-жылы белгилене турган эки ири мааракеге бурулду: Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгы Лев Толстойдун 200 жылдыгы Михаил Швыдкой бул эки дата кыргыз жана орус элдерин бириктирген өзгөчө маданий окуя экенин белгилеп,…

Кененирээк

Акын айымдарга сынак жарыяланды

Эл акыны Тенти Адышева атындагы республикалык ыр сынакка чыгармалар кабыл алынууда. Ага жашы 18ден жогору айымдар, кыргыз тилиндеги мурда жарыяланбаган ырларын жөнөтө алат. Чыгарма эки куплеттен кем эмес жана он куплеттен ашпашы керек. Ар бир катышуучу үч гана ыр бере алат. Баш байге 100 миң сом. Чыгармаларды кабыл алуу 5-февралда башталган, ал 30-апрелге чейин созулат….

Кененирээк

2026–2030-жылдарга маданият жана искусство тармагын өнүктүрүү программасы бекитилди

Минкабдын чечими менен кабыл алынган бул узак мөөнөттүү мамлекеттик план өлкөдө маданият тармагын колдоо жана ресурстарды бөлүүнү аныктайт. Иш чаранын алкагында китепканаларды кайра уюштуруу жана моделдүү маданий борборлорду түзүү, Улуттук көркөм искусство музейинде илимий-методикалык борбор жана реставрациялык лаборатория ачуу жана 2030-жылга чейин 4 миң музей экспонатын санариптештирүү жана ачык жеткиликтүү кылуу каралган. Гастрольдорду уюштуруу жана…

Кененирээк

Кыргыз балбаны дүйнөлүк рейтингде үчүнчү орунга чыкты

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев UWWнин дүйнөлүк рейтингинде 70 кг салмак категориясында үчүнчү орунга чыкты. 25 жаштагы спортчуга бул көрсөткүч 2025-жылы Хорватияда өткөн дүйнө чемпионатындагы жыйынтык боюнча топтогон рейтингдик упайлар алып келди. Ал мелдеште коло медаль уткан. Жаңыланган рейтинг UWWнин расмий сайтында жарыяланды. Акматалиев өз категориясында дүйнөлүк лидерлердин катарында калууда.

Кененирээк

Бишкекте «Достук» жана «Саякат» мейманкана комплекстерин масштабдуу реновациялоо башталды

Бишкекте «Достук» мейманкана комплекси жана «Саякат» туристтик комплекси капиталдык оңдоодон өтүп, заманбапташтыруу иштери башталды. Эки долбоор боюнча инвестициянын жалпы көлөмү 30 млн АКШ долларына чейин жетиши мүмкүн. Маалыматка ылайык, Дирекциянын карамагына өткөнгө чейин объекттер көп жылдар бою комплекстүү оңдолгон эмес: инженердик тармактар эскирген, электр тутумдары авариялык абалда болуп, өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген, суу жана…

Кененирээк

Билим берүү министрлиги кыргыз тили окуу китептеринин авторлору арасында кайрадан сынак жарыялады

Бул иш мектеп программасын жаңылоо жана 12 жылдык билим берүү моделине өтүү алкагында жүргүзүлүүдө. Арыздарды 2026-жылдын 28-февралына чейин тапшырууга болот: kitepkura.edu.kg аркылуу онлайн же Бишкек ш., Тыныстанов көч., 257 (2-кабат, 202-кабинет) дареги боюнча жеке. Документ тапшыргандан кийин талапкерлер сайттагы техникалык тапшырма менен таанышып, окуу иштеп чыгуусун даярдап, аны көз карандысыз комиссия баалайт. Сынакка мектеп, колледж…

Кененирээк

Чүйдө азык-түлүктү муздатып сактаган заманбап комплекс курула баштады

Долбоорду Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду колдоп жатат. Аянты 5 миң чарчы метрди түзөт. Үч миң тоннага чейин тоңдурулган мөмө-жемиш жана жашылчаларды сактоого болот. Кийинчерээк көлөмү эки эсеге чейин көбөйөт. “Биз жөн эле кампа куруп жаткан жокпуз, биз Кыргызстандын экологиялык таза продукция өндүрүүчү катары дүйнөлүк рынокко таанылышына шарт түзүп жатабыз”, — деди Артём Новиков. Анын айтымында, жаңы…

Кененирээк

К.Досмамбетовдун ордуна жаңы министр дайындалды

Дамирбек Осмонов КР саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал буга чейин кызматтан бошотулган Каныбек Досмамбетовдун ордун басты. Осмонов практик дарыгер жана кардиология боюнча таанылган адис. Дайындоого чейин ал Саламаттык сактоо министрлигинин башкы штаттан тышкары интервенциялык кардиологу жана аритмологу болуп иштеп, «БИКАРД» клиникасында да эмгектенген. Ошондой эле Бишкектеги Эл аралык медициналык университеттин кардиология кафедрасын…

Кененирээк