Эми жарандар тынчтыкты бузуу фактысы боюнча акт түзө алышат

Президент Садыр Жапаров жарандардын ден соолугун ызы-чуунун таасиринен коргоого багытталган мыйзамга кол койду.

Документ Укук бузуулар жөнүндө кодекске, ошондой эле «Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө» жана «Тынчтык жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизет.

Эми жарандар, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар тынчтыкты бузуу фактысы боюнча акт түзө алышат. Мындай акт фото же видео жазуулар менен кошо протокол түзүү үчүн ыйгарым укуктуу органдарга берилет.

Ички иштер органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мындай иштерди карап, жаза колдонууга укук алат. Бирок мыйзам Жаңы жыл түнүндө жана мамлекеттик майрам күндөрү саат 22:00дөн 03:00гө чейин колдонулбайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *