Ошко жаңы заманбап Тез жардам борбору курулат

Садыр Жапаров Ош шаарында элге жолугуп, көйгөйлөрүн угуп, суроолоруна жооп берди. Анда тургундар шаардагы Тез жардам борборунун имараты эскиргенин айтышып, жаңысын салып берүүнү өтүнүштү. Садыр Жапаров, жаңы имарат курууга тапшырма берип, президенттик фонддон каражат бөлүнөрүн айтты.

Кененирээк

Президентке Оштогу заводдо даярдалган ири желим түтүктөр көрсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде, Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында полимер түтүктөрүн өндүрүүчү “Эл Пласт” ишканасына барды. Ишкананын жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 15 миң тоннага чейинки продукцияны түзөт. Негизги керектөөчүлөр болуп “Таза суу” долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан объектилер, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык тузүмдөр жана эл аралык уюмдар саналат. Өндүрүштө Россиядан, Ирандан…

Кененирээк

Кыргызстан жана «Росатом» уран калдыктарын тазалоону күчөтүүдө

Кыргызстан Росатом менен биргеликте уран калдыктарын рекультивациялоо иштеринин маанилүү этабын аяктады. Бул Борбор Азиядагы экологиялык коопсуздукту камсыздоодо чоң кадам болуп саналат. Өлкөдө совет мезгилинен калган 90дон ашык уулуу жана радиоактивдүү объект бар. Алардын жалпы көлөмү 12 млн кубометрге жетет жана көпчүлүгү дарыяларга жакын, сел жана көчкү коркунучу бар аймактарда жайгашкан. Маселени чечүү 2012-жылы КМШнын атайын…

Кененирээк

Эми «Манас» аэропортунда жүргүнчүнү жеке коштоп жүрүү кызматы көрсөтүлө баштайт

«Манас» эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөр үчүн консьерж-кызматы ишке киргизилет. «Кыргызстан аэропорттору» ААКы билдиргендей, кызматты баштоо боюнча макулдашууга компаниянын коммерция боюнча директору Аман Мамаев жана «Премиум Пасс Кейджи» ЖЧКсынын директору Элиза Аскарбекова кол коюшту. Жаңы кызмат жүргүнчүнү аэропортко келген учурдан тартып учакка отургузулганга чейин жеке коштоп жүрүүнү камтыйт. Анын алкагында каттоодон өтүүгө көмөк көрсөтүлүп, формалдуу жол-жоболордон…

Кененирээк

Садыр Жапаров: Ош шаарында 10 мектептин пайдубалынын түптөлүшү жеке эле Ош шаары үчүн эмес, жалпы өлкөбүз үчүн чоң окуя

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде, Ош шаарында Турукташтыруу фондунун эсебинен 10 орто мектептин курулушун баштоо аземине катышты. Иш-чара Мамлекет башчысынын Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында өттү. Салтанаттуу аземди ачып жатып, Президент сөз сүйлөп, билим берүү тармагындагы бардык ийгиликтерди ар дайым колдой турганын белгиледи. “Кайсы гана өлкөнү албайлы, илим-билимдин аркасында гана өнүгүү жолуна…

Кененирээк

Дагестанда жана Чеченстанда чукул кырдаал режими киргизилди

Дагестанда жана Чеченстанда суу ташкындан улам федералдык деңгээлдеги чукул кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Александр Куренков Махачкаладагы өкмөттүк комиссиянын жыйынында билдирди. Суу ташкыны март айынын аягында, апрелдин башындагы нөшөр жаандан улам башталган. Өзгөчө оор абал Дагестанда. Республика 28-мартта жана 4-апрелде эки жолу суу ташкынын башынан өткөрдү, экинчи толкун кыйла кыйратып кетти….

Кененирээк

Эдил Байсалов кызматтан бошотулуп, АКШга элчи болду

Эдил Байсалов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Байсалов Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды.Байсалов өзү 9-апрелде вице-премьерлик кызматынан кетип жатканын айткан.

Кененирээк

Россия Пасха майрамына карата ок атууну токтотот

Мындай көрсөтмөнү Россиянын президенти Владимир Путин башкы штабдын башчысына берди. Бул буйрук 11-апрелде саат 16:00дөн тарта 12-апрелдин акырына чейин күчүндө болот. Бирок аскерлер ар кандай агрессивдүү аракеттерге каршы чара көрүүгө даяр болууга тийиш, деп айтылат Кремлдин маалыматында.

Кененирээк

Президент Садыр Жапаров жумушчу сапар менен Ош облусуна келет

Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди. Сапардын жүрүшүндө президент бир катар өнөр жай жана социалдык объектилердин иши менен таанышат. Ошондой эле инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышын текшерет. Анын ичинде билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринин курулушу, жол тармагын өнүктүрүү жана аймактарды көрктөндүрүү иштерине өзгөчө көңүл бурулат. Мындан тышкары, Садыр Жапаров социалдык мааниге ээ объектилерди…

Кененирээк

Альпинист Эдуард Кубатов Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды

Бул маалыматты бүгүн президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Кубатов 2016-2019-жылдары Кыргызстандын «Центерра голд» компаниясынын директорлор кеңешинде мүчө болгон. Андан мурун атайын кызматта эмгектенген. 54 жаштагы Кубатов 2021-жылы жер шарынын эң бийик чокусу Эверестти былтыр дүйнөдөгү эң татаал делген К2 чокусун кычкылтек жабдуусун колдонбой багындырган.

Кененирээк